Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кыргызстанда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилди


Жалал-Абаддагы Чернобыл алааматында курман болгондорго арналган эстеликке коюлган гүлчамбар. 26-апрель, 2022-жыл
Жалал-Абаддагы Чернобыл алааматында курман болгондорго арналган эстеликке коюлган гүлчамбар. 26-апрель, 2022-жыл

26-апрелде Украинадагы Чернобыл атомдук электр станциясындагы кырсыкка 36 жыл толду. Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында апааттын курмандыктары эскерилди. Ушундай эле эскерүү митинг-реквиемдер Бишкек, Каракол шаарларында жана Түп районунда да өттү.

Жалал-Абаддагы иш-чарага шаардын вице-мэри, кырсыктын кесепетин жоюуга катышкандар, каза болгондордун жакындары жана мекеме-ишканалардын жамааттары катышты.

Үч шаардагы курмандыктарды эскерүү митингдеринде эстеликтерге гүл коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду.

1986-жылдын 26-апрелинде АЭСте төртүнчү энергоблок иштен чыккан. Дүйнөдөгү атом энергетикасынын тарыхындагы эң ири кырсык катары бааланган окуянын кесепетин жоюуга ошол кезде СССРдин курамында турган Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Чернобыл ардагерлерине мамлекет тарабынан айына 7000 сомдон жөлөк пул төлөнөт.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинада согуш баштагандан кийин Чернобыл атомдук электр станциясын басып алган. Бирок станцияны көзөмөлдөө 15 күндөн кийин кайра Украинанын армиясына өткөн.(KS/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG