Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстан Кремлден "кара тизмедеги" мигранттарга мунапыс берүүнү өтүндү


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Жээнбек Кулубаев билдирди.

"Мунапыс 2019-жылы берилиптир. Биз буга байланыштуу дагы эки жолу кайрылып иштеп жатабыз. Жакында эле Орусиядан чоң делегация келип кетти, анда дагы биз бул маселени көтөрдүк. Президент Садыр Жапаров дагы жакында эле Владимир Путинге кайрылган. Биз өтө олуттуу эмес мыйзам бузгандарга мунапыс бергиле деп кайрылганбыз, бул боюнча иштер жүрүп жатат", -деди Кулубаев.

Парламенттин тармактык комитети 25-апрелде министр кызматына Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи Орусия 74 миң кыргызстандык жаранды "кара тизмеге" киргизип, кирүүгө тыюу салганын билдирген. Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын расмий саны бир миллиондон ашты.

Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жатат. 22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде кызматынан кеткен.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG