Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Министрди түйшөлткөн паспорт мафиясы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн билдирип чыкты. Министрдин айтмында, паспорт мафиясы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүдө. Анын кол алдындагы мекемелердеги мафия тууралуу айтуусуна эмне негиз болду?

Министр Талант Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн айтып, ага карата каралоо дагы жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Талант Иманов.
Талант Иманов.

"Санариптик өнүгүү министри кызматында 2022-жылдын 15-январынын тартып иштеп жатам. Министрликте жылдап чечилбей келген маселелер толтура жана анын негизгилерин чечсе болот. Бирок бул кызматка келгенде биринчи эле Калкты каттоо департаментиндеги паспорт мафиясына кабылдым. Мафия ишин бир ыргакка салып, күнүнө 24 саат бою тынбай иштейт. Менин бул билдирүүм куру сөз эмес. Менде факты, далилдер бар. Анын баары тиешелүү органдарга берилет. Бул мафия тамырлашып кетиптир. Өлкөгө миллиарддаган сом зыян келтирип жатат. Камырабай пара алып, жаныбызда иштеп жатат. Бул тармакка ревизия керек. Миңдеген жасалма паспорт берилет - бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. Менин бул билдирүүмдөн кийин мага карата сын-доомат, каралоо күчөйт. Бирок мен аягына чейин күрөшөм".

Жок кылына турган паспорттор сатылганбы?

Санариптик өнүгүү министрлиги Кыргызстандагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринде инвентаризация жүргүзүп жатат.

Министр алгачкылардан болуп Ош облусунун Өзгөн району текшерилип жатканын билдирди. Анын жүрүшүндө жок кылынууга тийиш болгон 1200 эски паспорт жетпей калган. Бул жарандардын жаңы паспорт алгандан кийин өткөрүп берген эски паспорту.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) аэропорттон Кыргызстандын жарандарына таандык ушундай эски 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаранды кармаганы белгилүү болду.

Министрдин пикиринде, бул эски системанын кесепетинен болууда.

“Биз жарандарга айына 50-60 миң паспорт беребиз. Жылына 500-600 миң паспорт берилет. Эски системадагы жоготтум деп жаңы алганды өзгөртүш керек болуп жатат. Эски система менен жоготтум деп коюп, башкаларга саткан учурлар чыгып жатат. Азыр тергөө жүрүүдө, көп нерсени айта албайм. Мунун артында көп кишинин катышы бар экен", - деди Иманов.

Учурда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар да бар. Атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин жагдайларын ачыктай албай турганын билдиришти.

Иманов чет өлкөнүн жарандарына сатылышы мүмкүн экени айтылып, дайыны чыкпай жаткан паспорттор 2021-жылы бериле баштаган жаңы муундагы биометрикалык (ePassport) паспорттор эмес экенин белгиледи.

Бул тууралуу маселе 27-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда дагы көтөрүлдү.

Депутат Дастанбек Жумабеков министр өкмөт башчысына, президентке кайрылбай, элге кайрылуу жасап жатканын белгиледи.

“Ал элге кайрылуу жасады. Элге кайрылганы, Жогорку Кеңешке кайрылганы. Эмнеге президентке, өкмөт башчысына кайрылган жок? "Андан кийин жүз паспорт сатылганы жатат" деген маалымат чыкты. Мүмкүн министрдин үнү башка жакка жетпей жаткан чыгаар? Бул өтө орчундуу маселе. Балким коррупциялык иштер ачылбай жатканы үчүн айтып жаткандыр”.

Бирок санариптик өнүгүү министри Талант Иманов президент, өкмөт башчы анын ишин колдоп жатканын айтууда.

Паспорт маселелери боюнча адис, мурда кыргыз паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов жок кылынуучу паспорттордун сатылып жатышы тууралуу буларга токтолду.

Таалайбек Жумадылов.
Таалайбек Жумадылов.

“Эгер жок кылынуучу паспортторду бирөөлөр чет мамлекетке чыгарып бара жатса, демек аны колдонуунун жолу бар экен да. Бирок мен министрдин билдирүүсүн угуп, башка нерсени айтып жатат го дегем. Бул анын министрлигине караган мекемелердин иши. Муну пиары, ызы-чуусу жок эле аныкташ керек. Бизде азыр үчүнчү муундагы паспорттор колдонулууда. Паспорт реформасы десе эле бланкты алмаштырып коюшат. Эгер чын эле реформа жасайм десең паспорт алуу үчүн документтерди кабыл алуу системасын өзгөртүш керек. Паспорт алууга укугу жок адам паспорт ала албагандай система киргизүү керек. Жасалма паспорт же мыйзамсыз паспорт алган адамды дүйнө жүзү боюнча аныктагандай кылса болот”.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына карайт.

Кыргызстандын ID паспортторунун бланктарын жасоого тендерди түштүк кореялык KOMSCO, жалпы жарандык паспортунун бланктарын жасоо боюнча тендерди германиялык "Мюльбауэр" (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алган. Бул компаниялар бланктарды чет өлкөдөн алып келет. Ал эми паспорттор мамлекеттик “Инфоком” компаниясында басылып чыгат.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2021-жылы бериле баштады.

Санарип министрлигинин маалыматына ылайык 2020-жылы 412 309, 2021-жылы 512 051 ID паспорт берилген. 2020-жылы 326 356, 2021-жылы 428 889 жалпы жарандык паспорт берилген.

Жасалма кыргыз паспорту катышкан чуулар

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон.

Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык денгээлде жаңжал жараткан окуялар дагы болгон. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурун Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG