Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Биометрикалык маалымат убагында топтолобу?


Тажикстандын биометрикалык паспортунун үлгүсү. 2012-жыл.
Тажикстандын биометрикалык паспортунун үлгүсү. 2012-жыл.

Кыргыз өкмөтү 31-августтан тарта жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо өнөктүгүн баштайт. Ал келерки жылдын 1-июлунда жыйынтыкталышы керек.

Өкмөт мүчөлөрү бир жылга жетпеген аралыкта пландалган жумуш бүтөрүн, келерки шайлоо ошол тизменин негизинде өтөрүн айтат. Жарандык коом өкүлдөрү болсо кыргызстандыктардын көбү чет элде иштеп жүргөндүктөн, бул өнөктүктүн толук аткарылышына күмөн санашат.

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге биометрикалык маалыматтарды келерки жылдын 1-июлуна чейин чогултуп бүтүүнү, антпесе шайлоо өткөрүүгө жооптуу кишилердин баары кызматтан алынарын өткөн айда эскерткен. 16-майдан тарта кыргыз өкмөтү өнөктүктү аткарууга киришип, калктын бирдиктүү тизмесин түзүү боюнча республикалык штаб биринчи жыйынын өткөрдү.

Штаб төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, жарандардын биометрикалык белгилерин, тагыраак айтканда, бармак издери жана көздүн карегинин санарип көчүрмөсүн топтоо 3 айдан соң башталат:

- 31-августтан тарта бардык жарандарыбыздын биометрикалык маалыматтарын бирдиктүү тизмеге чогултабыз. Ал үчүн техника дагы, каражат дагы жетиштүү болот. Административдик даярдыктарды жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча мыйзамды жакында Жогорку Кеңеш кабыл алып берет. Анын арты менен эле жумушка киришебиз.
Грузиянын биометрикалык паспорту.
Грузиянын биометрикалык паспорту.
Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо "бир жаран - бир добуш" системасын камсыздоого багытталган. Анын арты менен жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор берилет. Документтеги маалыматтар атайын орнотулган электрондук чипте болот. Ага жарандын аты-жөнү, туулган датасы, көз карегинин санарип сүрөтү, бармак мөөрү киргизилет.

Калктын физикалык маалыматтарын топтоо үчүн бюджеттен 250 миллион сом акча бөлүнгөн. Алдыдагы эки айда тийиштүү жабдыктар сатып алынып, адистер окуудан өтөт.

Шайлоонун таза өтүшүн шарттаган бул аракетти жарандык коом өкүлдөрү да, саясий серепчилер да колдошот. Бирок алар бир жылга жетпеген аралыкта бардык жарандардын бармак жана көз нускаларын чогултуу мүмкүн эместигин белгилешет.

Саясий серепчи Аалыбек Акуновдун айтымында, шайлоо укугуна ээ көпчүлүк жарандар чет элде иштеп жүргөндүктөн, алдыга коюлган максат толук аткарылбай калат деген ойдо:

- 2015-жылкы парламенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү үчүн бул аракет жакшы жөрөлгө. Бирок биометрикалык маалыматтарды чогултууну эрте баштоо керек болчу. Бир жылдай убакыттын ичинде бардык жарандарыбыздын бирдиктүү тизмесин чогултуп бүтүүгө менин көзүм жетпей турат.

Өкмөт жогорудагы маселени чечүү үчүн калкты тейлөө борборлорун, паспорт столдорду, автомобилди каттоо борборун, никеге каттоо органдарын, Мамлекеттик каттоо кызматынын дээрлик бардык түйүндөрүн тартмакчы. Андан сырткары, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө, чек арада жана жабык жайларда жүргүзүлөт. Тайырбек Сарпашевдин айтымында, мигранттардын маалыматтарын топтоодо элчиликтер менен консулдук мекемелер көмөктөшөт:
Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев
- Калктын баарынын биометрикалык маалыматтарын жүз пайыз чогултабыз деп убада бере албайбыз. Бирок жетишкенге аракет кылабыз. Эгер айрым чет элдеги жарандарыбыздын маалыматын элчиликтер аркылуу да тактай албасак, ал кишилер качан Кыргызстанга келгенде, чек ара көзөмөлүнөн өтөрү менен алар жөнүндөгү бүт маалымат базага түшөт.

Бирок адистер кеп сырттагы мигранттарда гана эместигин, өлкө ичиндеги жарандардын маалыматын топтоо да түйшүк жаратарын белгилешет. “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаков биометрикалык белгилерди базага киргизүү үчүн атайын кызыктыруучу белектерди тартуулоо ыкмасын колдонууну сунуштайт. Анын айтымында, Монголия ушул жолду тандап, ал жакшы натыйжа берген:

- Монголияда физикалык маалыматтарды топтоо үчүн жарандардын активдүүлүгүн ашыруу максатында биометрикалык маалыматын берген кишиге белгилүү бир өлчөмдө акча төлөнгөн. Эгер бул ыкманы бизде да колдонушса, тез эле маалыматтар топтолот. Бирок Монголияда биз сыңары ички жана тышкы миграция маселеси жок. Ошондуктан, Кыргызстан бул өнөктүктө бир топ көйгөйлөргө тушугат.

Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоо 2015-жылдын күз айларында болот. Буга чейинки шайлоолорго карата коомчулуктагы сын-пикирлер калктын биометрикалык тизмесин чогултууга негиз болду.

Андан сырткары, келерки жылдан тарта бир катар чет мамлекеттер башка өлкө тургундарын биометрикалык паспорт менен гана кабыл алуу режимине өтөт.

XS
SM
MD
LG