Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Акыйкатчы Темировдун кылмыш ишинде мөөнөт эске алынбаганын айтты


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштерде кылмыштын мөөнөтүнө байланыштуу жагдай эске алынбаганын билдирди. Ал бул тууралуу 27-апрелдеги Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыккандан кийин, Болот Темировдун өзү менен сүйлөшкөн соң укук коргоо органдары кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткенинен улам кыскарткан норманы колдонбой койгону түшүнүксүз. Мага белгилүү болгондой, Темировдун адвокаттары дагы буга байланыштуу кайрылган экен. Мен прокурорлордун кесипкөйлүгүнө, алардын ар тараптуу, акыйкат, толук жана мыйзамдын үстөмдүгүн эске алуу менен бул кылмыш ишине укуктук баа берерине үмүттөнөм", деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкы башкрмалыгы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Милиция 26-апрелде Болот Темировго козголгон төрт кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилгенин, тергөө аяктап, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин маалымдаган. Анда журналистти башка адамдын аскердик билетинин негизинде Кыргызстандын паспорту алганы аныкталганы айтылган. Темиров мындай дооматтарды четке кагып, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын катчылыгында иштеп жүргөндө анын документтери тыкыр текшерилгенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде журналисти "жасалма документтердин негизинде паспорт алган" деп айыптаган.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG