Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

Хорогдо кырдаал курчуп, киши өмүрү кыйылды


Хорог. 16-май, 2022-жыл.
Хорог. 16-май, 2022-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында киши өмүрү кыйылганы белгилүү болду. Бул маалыматты бүгүн, 17-майда Ички иштер министрлиги дагы ырастады.

Кырдаал үч күндөн бери курчуп турганы менен, бийлик биринчи жолу расмий билдирүү жасады. ИИМ мыйзамсыз митинг уюштурду деп Бадахшандын расмий эмес лидери Мамадбокир Мамадбокировду айыптады.

ИИМ маалыматында "милиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгондо үч тартип коргоочу жарадар болгону" айтылат. Ички иштер министрлиги "чабуулга туруштук берүү маалында”, кол салгандардын бири, 1993-жылы туулган Замир Назиршоев аттуу жергиликтүү тургун жарадар болуп, ооруканада көз жумганын билдирди. Ал эми башка булактар маркум бөлөк жагдайда каза болгонун айтууда.

"Азаттыктын" тажик кызматындагы ("Озоди" радиосу) кабарга ылайык, Гулакен конушунун 1992-жылы туулган тургуну Замир Назаршоев милиция менен кагылышууда каза тапкан. Буга чейин "Озоди" радиосунун булактары Хорог шаарында нааразылык акциясында кеминде үч киши жараат алганын билдиришкен. 16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Митингдин алдында облустун прокуратурасы Хорогдогу митингдин уюштуруучуларына "терроризм" беренеси боюнча айып тагарын эскерткен. Бул тууралуу "Бомдод" сайты облус прокурору Парвиз Орифзоданын жергиликтүү телеканалдагы сөзүнө шилтеме кылып билдирген.

Прокурор ишембиде өткөн митинг “мыйзамсыз” жана анын уюштуруучулары Мамадбокир Мамадбокиров, Мухиддин Кабири жана Алим Шерзамоновдор “коопсуздукка шек келтирип жатат” деди.

Ал тапта Тажикстандын “Азия-Плюс” агенттиги бийликтин кысымынан улам Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы соңку окуяларды чагылдыруудан баш тартканын билдирди. Агенттик 17-майда алар жабылуу коркунучуна кабылганын белгиледи.

“Буга чейин "Азия-Плюс" Башкы прокуратурадан расмий жана башка структуралардан бейрасмий эскертүү алган. Алар биздин басылма Тоолуу Бадахшандагы окуяларды “бир тараптуу” чагылдырууда жана өлкөдөгү кырдаалды бейстабилдештирүүдө деп эсептешет”, - деп билдирди агенттик.

Маалыматка караганда, аларга “кемчиликтерди жоюу көрсөтмөсү берилди”, же болбосо жабылары эскертилди. Бийликтин позициясы жана “кемичликтерди жоюу” деген эмнени билдирери белгисиз.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева аймакта чыңалуу күчөп баратканын Твиттерге жазды.

"Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном болусунда 14-майда жергиликтүү тургундар куугунтуктоо аракеттерине нааразылык билдирип чыгышты. Аймакта чыңалуу кайрадан күчөдү".

Дүйшөмбүдө Хорогдо көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде курал-жаракчан аскерлер көбөйгөнү айтылууда. Шаарга аскердик бронетехника тартылганы байкалган.

Хорогдо укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда БУУнун бир нече унаасы жүргөнү да кызуу талкууда.

Pamir Daily News Телеграм каналынын ишенимдүү булагы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жетекчиси Ленни Монтиел кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн Тоолуу Бадахшанда жүргөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

"Акцияларды күч менен басуу аракеттерине, Памирдин тургундарын кармоо жана мыйзамсыз аскердик күчтү колдонуу боюнча терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Тажик бийлигин памирлик демонстранттарды басмырлоону токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырабыз", - деп жазылган БУУнун Адам укуктары боюнча башка комиссарынын сайтында.

Чоршанбе Чоршанбиевдин чуулгандуу иши

Тоолуу бадахшандыктарды митингге түрткөн дагы бир нааразылык – чуулгандуу мушкер жана блогер Чоршанбе Чоршанбиевдин кармалышы.

Чоршанбе Чоршанбиев.
Чоршанбе Чоршанбиев.

Интернет аркылуу “Конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого күнөөлүү” деп табылган Чоршанбиевди прокуратура 10 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Чоршанбиев былтыр ноябрда памирликтерге видеокайрылуу жолдогон.

"Мен саясатчы эмесмин, оппозиционер эмесмин, мен адилетсиздикке байкоо салган жана ага көз жумбаган кишимин. Бүт дүйнөгө, бирок өзгөчө Тажикстан элине кайрылам: Канчага чейин чыдайсыңар? Канчага чейин көз жумасыңар? Үч күндөн бери абалга байкоо салып жатам, бүт эл колдоп жатканына таң калдым. Менимче, бул окуяга чоң резонанс берүү керек. Адилетсиздикке, күнөөсүз адамдардын өлүмүнө каршы чыгууга чакырам",- деген Чоршанбиев.

Көп өтпөй мушкердин дал ушул кайрылуусу кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

4-декабрда тажик бийлиги Чоршанбиевге каршы "Улут, аймак жана дин аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга ачык чакырык жасоо" беренелери менен кылмыш иши козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө андан биринчи берене боюнча тагылган айыптар алынган.

Мушкер акыркы жылдары Орусияда жашап жүргөн. 2016-жылдан тарта таймаштын аралаш түрлөрүнө катыша баштаган. Эки жыл мурун Москвада унаасын катуу айдап, жол эрежесин бузганы үчүн кармалган. Спортчуга сот айып пул салып, 3-декабрга караган түнү Орусиядан депортациялаган. Аны Дүйшөмбү аэропортунан тажик атайын кызматынын өкүлдөрү кармаган.

Амриддин Аловаштаевдин соту

Ал арада Орусиядагы тажик мигранттарынын лидери, жыл башында Тажикстанга экстрадицияланган Амироддин Аловатшоевдин соту өткөн айда башталды. Ал "кишилерди барымтага алуу" сыяктуу оор кылмыштарга барган деп айыпталууда. Анын жакындары мунун баары "ойдон чыгарылган" деп, четке каккан.

Амироддин Аловатшоев.
Амироддин Аловатшоев.

Активисттин айланасындагы окуялар тажик прокуратурасы Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы төрт күндүк демонстрациялар боюнча жаңы иликтөө баштаган маалга туш келген.

Хорогдо күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында каза болгон жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу былтыр ноябрда бийликке каршы ири акциялар тутанган. Ошол эле күнү Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да митингге чыгышкан. Ага Аловатшоев да катышканы кабарланган.

Буга чейин тажик аткаминерлеринин бири Аловатшоевди "сыртта жүрүп Тоолуу-Бадахшандын жаштарын бийликке каршы тукурду" деп айыптаган.

Маркум Гулбиддин Зиёбеков.
Маркум Гулбиддин Зиёбеков.

Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Алар бийлик "Зиебековдун өлүмүн иликтейт, митингге чыккандар куугунтуккка кабылбайт жана интернет ачылат" деп убада кылгандан кийин гана тарашкан. Азыр жергиликтүүлөр териштирүү иши жетиштүү түрдө жүрбөй жатат деп нааразы.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG