Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

БУУ: Украина портторунда тонналаган буудай кармалып турат


Украинадагы буудай жыйноо учуру. 2020-жыл.
Украинадагы буудай жыйноо учуру. 2020-жыл.

Украинанын портторунда дээрлик төрт жарым миллион тонна эгин кармалып турат. Орусиянын куралдуу басып киргенине байланыштуу деңиз жолдору жабык болгондуктан азыкты экспорттоого мүмкүн эмес. Бул тууралуу DPA агенттиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Мартин Фриктин билдирүүсүнө таянып жазды.

Фрик дүйнөдөгү азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн Украинанын данын башка өлкөлөргө жеткирүүнү жандантууга чакырды.

Батыш өлкөлөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам бир катар мамлекеттерде азык-түлүк каатчылыгы жана ачарчылык болушу мүмкүн экенин байма-бай эскертип келишет. Анткени бул эки мамлекет тең эгин дан азыктарын экспорттоочулардын алдыңкы катарында турат. Март айында БУУ азык-түлүк бааларынын кымбатташы 12% ашканын билдирген. Бул - 1990-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы, Африкадагы жана Азиянын айрым бөлүктөрүндөгү азык-түлүк абалына коркунуч жаратты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG