Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Өзбекстан Ооганстандын аба мейкиндигин бузганын четке какты


Өзбек-ооган чек арасында аскердик машыгуу учурунда тартылган сүрөт. Иллюстративдик сүрөт.
Өзбек-ооган чек арасында аскердик машыгуу учурунда тартылган сүрөт. Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги "Спутник" агенттигинин "Өзбекстандын учкучсуз аппараты Ооганстандын аба мейкиндигин бузганы" тууралуу маалыматын четке какты.

"Өзбекстандын Аскер-аба күчтөрү кошуна мамлекеттердин аба мейкиндигин бузган жок. Коргоо министрлигинин учкучсуз, истребителдик жана чабуулчу учактары так белгиленген тартипте күжүрмөн нөөмөттө турушат", — деп айтылат 1-май күнкү расмий билдирүүдө.

"Спутниктин" ооган кызматы өзбек армиясынын "Байрактар" үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттары Мазари-Шариф шаарынын үстүнөн учканын 30-апрелде жазган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG