Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Садыр Жапаров диний сабатсыздардын жетегинде калбоого чакырды


Эски аянттагы Айт намазына президент жана башка аткаминерлер да катышты. Бишкек, 2-май, 2022-жыл.
Эски аянттагы Айт намазына президент жана башка аткаминерлер да катышты. Бишкек, 2-май, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоосунда элди ынтымакка жана сабырдуулукка чакырып, Ислам дини кошуна-колоңдор менен дос болууга үндөй турганын эске салды. Мамлекет башчысы куттуктоосун 2-майда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Жапаров ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу коомдо талкуу жүрүп жатканын белгилеп, эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылардын жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгиледи.

"Кыргызстаныбыздын жамы журту, өлкөбүздү мекен тутуп, байырлаган ар кыл этностордун өкүлдөрү “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ынтымакта, биримдикте болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели",- деди президент.

Ислам дининдеги бир айлык ыйык орозо айын жыйынтыктаган Айт майрамы 2-майга туш келди. Бул күн дүйнөнүн миллиондогон мусулмандарын майрамдашууда.

Бишкектеги эски аянтта окулган майрамдык намазга президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да катышышты. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы киргизилген чектөөлөр алынып, Бишкекте жана аймактарда Айт намазы аянттарда жана мечиттерде жапырт окулду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG