Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Акыйкатчы жарандарды онлайн кабыл ала баштады


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды жеке маселелери боюнча онлайн кабыл алып, Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан 29 адамдын арыз-муңун укту. Мындан тышкары Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну чогуу Акыйкатчы менен онлайн сүйлөштү.

Жарандардын кайрылуулары негизинен жер-укуктук талаштар, тастыктоочу документтердин жоктугу, бир турак жайда 15 жылдан ашык жашаган адамдардын менчик укугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар, "Үй-бүлөгө көмөк" социалдык жөлөкпулдарды алуу укугу жана башка маселелерге байланыштуу.

Акыйкатчы мындан ары да онлайн кабыл алууларды уюштуруп турарын билдирди.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылы иштей баштаган. Мекемеге адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкерелөө милдети жүктөлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG