Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Президент Жапаров "Өлбөс полк" тууралуу пикирин айтты


"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек. 9-май, 2019-жыл.
"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек. 9-май, 2019-жыл.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчы өлкөдө тынчтык, ырыскы мол болушун тилеген.

Ал 9-май - Жеңиш күнүн майрамдоо тууралуу да кеп кылды.

"Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес", - деген президент согуштун катышуучуларынын небере-чөбөрөлөрүнө Жеңиш күнүн майрамдоого бут тосууга эч кимдин укугу жок экенин айтты:

""Өлбөс полк" аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам", - деп жазды ал.


"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Ага бир канча жолу Орусиянын президенти Владимир Путин да катышкан.

Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган. Кыргызстанда бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон.

Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

Кыргызстанда 1-май - Эмгекчилердин тилектештигинин күнү катары майрамдалып, жылнаамада кызыл менен белгиленген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG