Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Сириядагы лагерлерде азап тарткан аялдар


Ирактагы "Ал-Хазар" лагери, 27-октябрь 2016-жыл.
Ирактагы "Ал-Хазар" лагери, 27-октябрь 2016-жыл.

Мындан тогуз жыл мурун Жогорку Кеңеште Кыргызстандын бир нече жараны Сириядагы согушка азгырылып кеткени тууралуу маселе көтөрүлгөн. Ушундан тартып кыргыз коому диний экстремизмдин жаңы коркунучтарына туш келди. Башында 7-20 деп айтылып жаткан сандар кийин улам өсүп отурду. Соңку расмий маалыматтарга таянсак, жихаддык топтордун азгырыгы менен Сирия менен Ирактагы согушка аралашкан кыргызстандыктардын саны миңге чамалайт. Арасында аялдар жана балдар бар.

Сириядагы жихаддык топтордун катарына кошулгандардын бир тобу согушта набыт болгон. Кыргызстанга ар кандай жол менен кайтып келгендери да болду. Тогуз жылда эмне өзгөрдү? Сириянын лагерлеринде отурган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдар кандай күн көрүп жатышат? Аларды өз мекенине кайтаруу үчүн эмне аракет көрүлүүдө? "Азаттык" ушул суроолорго жооп издейт.

"Сирия тууралуу маалыматыбыз жок эле"

Аида Жумагулованын сиңдиси Зарема Жумагулова Сирияга 2014-жылы күйөөсү, эки баласы менен кеткен. Ошол кезде балдарынын улуусу төрт, кичүүсү бир жашта эле.

Алар Сирияга Түркия аркылуу жол тарткан. Күйөөсү көп өтпөй каза болуп, ал жактын мыйзамы менен бир айдан кийин башын башкага байлап, күйөөгө бериптир. Андан дагы эки балалуу болот. Экинчи күйөөсү дагы согушта өлгөн. Андан төрөгөн балдары азыр 7-4 жашта экен. Зарема учурда төрт баласы менен Сириянын түндүк-чыгышындагы Ал-Хасака аймагындагы күрттөр көзөмөлдөгөн "Ал-Хол" лагеринде.

"Ошол кезде бизде Сирия тууралуу такыр маалымат жок болчу. Кыргыздын жарандары азгырылып кетип жатканда эмнеге чек арадан коё бердиңер деген суроо болгон бизде. Ал бизге иштеп келебиз деп айткан. Башында баарыбызга, бир туугандарына, ал тургай энесине дагы айтпай кеткен. Эч ким билбей калган. Көрсө, ушундай жолго кеткен экен. Жакшына эле кыргыздын жигиттери кыз-келиндерди азгырып ушундай жактарга алып кетип калды. Канчалаган кыздар ошол жакта кор болуп жүрөт. Күйөөсүнүн сөзүнөн чыкпаш керек, сөзүн угуш керек деп жатып бардыгы күйөөсүнүн азабынан болуп жатат", - деди Сирияга кеткен Зареманын эжеси.

Сириядагы жарандык согуш
Жарандык согуш 2011-жылдын 15-мартында сириялыктар президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы көтөрүлүп, нааразылыгын билдирип чыкканда башталган. Бийлик ал нааразылык акцияларын аёосуз баскан. Ошондон кийин катаал репрессия жүргүзүлүп, аягы кандуу согушка айланган. Согуштан 370 миңден ашык адам өлүп, миллиондогон кишилер качкын болуп, жер которууга аргасыз болушту.
Байкоочулар согуш дүйнөлүк державалар ортосунда гана болуп жатканын айтышууда. Москва менен Тегеран Башар Асадды колдосо, АКШ жана Түркия козголоңчулардын таламын талашып келет.
Өзүн “Ислам мамлекети” (ИМ) деп атап алган террордук топ согушка аралашып, ага бардык тараптар каршы турушкан. ИМ тобу жалпысынан талкаланганы менен, айрым мүчөлөрү ушул тапта Сириянын түндүк-батышындагы Идлибде кармалып турат.
“Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-2015 жылдары Ирак менен Сириянын далай аймагын басып алган. Аталган топ Сирия менен Иракта үрөй учурган кылмыштары жана дүйнөнүн булуң-бурчунда бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган террордук чабуулдары менен белгилүү. Сирия менен Иракта бул уюм көзөмөлдөп келген акыркы аймак 2019-жылдын мартында бошотулган. Андан бери уюмдун согушкерлери көбүнесе Сириянын чөлдүү аймактарында баш калкалап жүргөнү кабарланып келет.

"Ал-Хол" лагери. 2021-жыл.
"Ал-Хол" лагери. 2021-жыл.

Зарема бир үй бүлөнүн кичүү кызы. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин (КГУСТА) мыкты бүтүргөн Зареманын качан, кантип радикал идеологияга азгырылып кеткенин ата-энеси, бир туугандары билген эмес.

Алар кызы күйөөсүнүн таасиринен улам ушундай тагдырга туш болгонун айтышат. Кыргызстан көзүнөн учкан Зарема атасын да, энесин да акыркы сапарга узата албай калды.

"Күйөөсүнүн азабынан бир тууганыбызды көрө албай жүрөбүз. Көкүрөк күчүгүбүз болчу. Кызын күтүп жүрүп, жакында эле энем каза болду. Апамды көрбөй калды. 2015-жылы атам каза болгон. Мектепти, окуу жайды эң сонун бүтүргөн, андан эч нерсе калган жок. Күйөөсүнүн азабынан ушундай болуп атат. Апам көзү өтөрдө чалды, энеңден кечирим сура дедик. Апам өлүм алдында жатып кечирдим деди. Кызынын азабынан ооруга чалдыгып, көзү өтүп кетти".

Аиданын сөзүнө караганда, сиңдиси Зарема Сирияга барганда жашоодон жаңылганын мойнуна алган. "Ал-Хол" лагериндеги оор турмушту баштан өткөрүп жаткан төрт баланын энеси Кыргызстанга кайта турган күндү күтүп жашап келатат.

Сирияда лагерде жашап жаткан бала.
Сирияда лагерде жашап жаткан бала.

"Сирияда жүргөнүн көпкө чейин билбедик"

Көз жашын тыя албаган 70 жаштагы Манзуракан Ташматованын уулу 2016-жылы Сирияда каза болгон. Анын эки баласы менен келинчеги мекенине жете албай отурат. Энеси уулунун набыт болгонуна ишенбейт. Уулу үй-бүлөсү менен 2014-жылы Орусияга мигрант болуп барып, андан ары 2015-жылы Сирияга өтүп кеткен. Азыр неберелери менен келининин кайда жүргөнү так белгисиз.

“2014-жылы уулум Мансур балдары жана келинчеги менен Орусияга иштегени кеткен. Бир күнү мага тааныштар айтып калды, уулуңуз Сирияга кетип жатат экен деп. Ошондо мен телефондон сүйлөшүп, Сирияга кетсең мен ыраазы эмесмин, үйүңө кайтып кел дедим эле. Көп өтпөй мага кайра чалып апа, ыраазы болуңуз, мен кетип жатам деди. Мен кайра эле макул эместигимди айтып, мусулманчылыкты өз өлкөсүндө эле кылса болорун, эч ким тоскоолдук кылбай турганын айткан элем. Бирок ошол бойдон жок болуп кетип, бир күнү келиним мага чалып, "балаңыз шахид болду, биз неберелериңиз менен калдык" деп айтты. Ошондон баштап баламдын сөөгүн көрбөгөнүмөбү тирүүдөй сезилип, үйгө кирип келет деп ишенип отурам. Неберелеримди сагындым, алардын сүрөтүн карап эле отурам, айлам калбай калганда милициядан жана өлкө жетекчилигинен жардам сурап, бул жакка кайтарып келүүсүн өтүнүп жатам”.

Сиряда каза тапканы айтылып жаткан Мансур үй-бүлөдөгү үчүнчү уул. Ал мектепти жакшы окуп, кийин курулушта иштеген. Үй-бүлө кургандан кийин Орусияга миграцияга кеткен.

Мансурдун атасы Саипжан Ташматов уулунун бул жолго түшүп кеткенине азыр да ишене албайт. Ал неберелерин Кыргызстанга кайтаруу үчүн бийликке көп ирет кайрылып, жардам сураган.

Сириядагы лагерде жашаган балдар тарткан сүрөт.
Сириядагы лагерде жашаган балдар тарткан сүрөт.

Сирияга үй-бүлөсү менен кеткендердин дагы бири - 36 жаштагы Хасанбай. Ал ушу тапта төрт баласы менен Сирияда жүрөт. Ал да 2015-жылы Орусиядан Түркия аркылуу Сирияга кеткен. 2019-жылы Сирияда Хасанбайдын аялы төрөп, акча керек болот. Ошондо Орусиядагы бир тууганына акча сурап чалат. Бир тууганы ошол окуянын айынан терроризмди каржылаган деген айып менен тогуз жылга эркинен ажыратылган. Бир уулу Сирияда, экинчиси Орусияда түрмөдө жаткан Абдыкахар Хамрабаев мындай оор сыноону эч кимге ыраа көрбөйт.

“Баламдын төрт баласы бар эле, экөөнү алып Орусияга иштегени кетип кийин Түркияга кетип калганын кабарлаган. Биз ал Сирияда экенин көпкө чейин билбедик. Уулумдун айтышы боюнча, араб тилин окуп жаткан жана балдары да мектепке кирип окуп, жөлөк пул да алып турганын айткан. Бизге балдары ойноп жүргөн видеолорду жөнөткөндөн кийин, жакшы эле жер экен деп жүргөнбүз. Мен кийин кичине уулум камалгандан кийин чоң уулум Сирияда экенин билдим. Биз уулумду жана неберелеримди кайтарып келүүнү эңсейт элек”.

"Алданганын барганда билип..."

Кыргызстандыктар Сирия менен Ирактагы ар кандай топторго кошулуп кетип жатканы тууралуу маалымат мындан тогуз жыл мурда айтыла баштаган.

2013 - жылы күзүндө Кызыл-Кыядан Сирияга согушка кетти деп айтылган балдардын бири каза болгондугу кабарланып, кыргыз коомчулугун катуу дүрбөткөн. Жакынкы Чыгышка "жихадга" кеткендердин көбү ушул 2013-2015-жылдарга туура келет.

Ысык-Көлдүн тургуну Асылбек Ошурбаевдин карачечекей карындашы Махабат дагы чиедей баласын жетелеп, ошол маалда Сирияга кеткендердин катарын толуктаган. Азыр агасы алыста башынан азаптуу турмушту өткөрүп жаткан карындашын балдары менен кантип кайтарсам деп арга издеп жүргөн чагы.

"Карындашым менен байланыш начар эле. Жашоо-шарты дагы аябай эле кыйын, сөз менен айтып жеткире албайм, ачарчылык. Кандай азгырыктар менен кеткенин эч ким билбейт. Баары эле адашып кеткенин билебиз. Келгенде эле кеңири айтып бербесе, алданып, адашып кетиптирбиз дегенден башка эмне айта алышат азыр. Кеңири сүйлөшкөнгө деле шарт жок. Кээде эле жазып калбаса, такыр эле сүйлөшө албайбыз. Азыр төрт баласы бар. Бизге Түркияга эс алганы баратабыз деп кетишкен. Кийин байланышка чыкпай калышты. Андан кийин эле Сирияга кетиптир деп угуп калдык. Карындашымдын кайын-журту жагынан Сирияга көп кеткен. Ошолор менен чогуу кетип жатышпайбы. Алдаган кишилер ушунчалык күчтүү психолог болушат экен. Ошолорго берилип кетишкендери өкүнүчтүү болуп жатпайбы. Алданганын барганда анан билип жатышат да", - деди Ошурбаев.

Сириядагы калабадан качкандардын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында күрттөр көзөмөлдөгөн Аль-Хол жана Рож лагерлеринде жайгашкан. Кыргызстандык келиндер менен балдардын көбү Аль-Холдо экени айтылат. Лагерде кыргызстандыктардан башка да бир канча мамлекеттин жарандары бар.

Атайын лагерде кармалгандар ал жерде 90% аялдар жана балдар отурарын, темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу, катаал жазалоо ар дайым болуп турарын жакындарына билдирген. Лагерлерде азык-түлүк, кийим-кечек тартыш.

Лагердеги секелектер жазганды үйрөнүүдө. Кыргызстандык кыз-келиндер туугандарына жөнөткөн сүрөт.
Лагердеги секелектер жазганды үйрөнүүдө. Кыргызстандык кыз-келиндер туугандарына жөнөткөн сүрөт.

2021-жылы кыргыз бийлиги Ирактагы качкындар лагеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы алып келген. Алар Кыргызстанда реабилитациядан өтүп, бул жактагы туугандарына кайтарылган. Учурда алардын көбү мектепке барып калды.

Бирок Сириядагы лагерлерде отургандардын баарын чыгарып кетүү азырынча мүмкүн эмес. Буга дипломатиялык жана башка байланыштардын татаалдыгы себеп экени айтылып келет.

Жакынын күткөндөр

Сириядагы сиңдисин зарыгып күткөн Аида Жумагулова бир тууганын көрөм деп үмүтүн үзбөй жүрөт.

"Чоңдордун баардыгына эле кайрылып катабыз. Бирок эч кандай жыйынтык болбой жатпайбы. Карап атабыз, иштеп атабыз эле дешет. Бир аз жылыштар бар салыштырмалуу, бирок жыйынтык жок. Кошуна өлкөлөр жарандарын алып келип жатпайбы".

Жакындарын күткөндөрдүн бири Асылбек Ошурбаев президент Садыр Жапаров бул аймактагы жарандарды алып келүү боюнча документке кол койгону тууралуу маалымат угушканын айтты.

"Коопсуздук кеңешинен жооп алдык. Президент алып келүү боюнча чечимге кол койду деп айтышты. Эми Сирияда коопсуздук боюнча кепилдик берилсе барабыз дешкен. Буга чейин бир дагы президент мындай чечим чыгарган эмес. Атамбаев, Жээнбековго дагы кайрылганбыз. Алар жооп дагы берген эмес да".

Жакында кыз-келиндери, неберелери Сириядан кайта албай жаткан кыргызстандыктардын ата-эне, туугандары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен жардам сурашты.

Алар кыз-келиндерин жана алардын балдарын мекенге кайтарууга жардам сурап, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго кайрылуу жолдошкон.

Сириядагы лагерден бир көрүнүш. Кыз-келиндер туугандарына жөнөткөн сүрөт.
Сириядагы лагерден бир көрүнүш. Кыз-келиндер туугандарына жөнөткөн сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун мүчөлөрүнүн Сирияда жана Иракта атайын лагерлерде кармалып турган аялдары менен балдарын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүү үчүн атайын фонд түзгөн. Ал аталган аймактардан өз жарандарын алып кетүүнү каалаган өлкөлөргө каражат берет.

"Кайсы өлкө соттошу керек? Кайсы сот карайт?"

Бул маселени изилдеп жүргөн Женевада жайгашкан "Булан" институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын айтымында, учурда Европа өлкөлөрү да балдарды репатриация кыла баштады. Изилдөөлөргө караганда, лагерде болжол менен 43 миңдей бала бар, алардын басымдуу бөлүгү 12 жашка чейинкилер. Мындан сырткары түрмөдөгүлөрдүн маселеси дагы эл аралык эксперттерди катуу ойлонтуп жатат.

“Азыр Сирияда 70 миңдей аял жана бала чөлдө чатырларда, аскерлердин кайтаруусунда жашап жатат. Алардын 8% Сириядан жана Ирактан келгендер. 20% же 15 миңдейи 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү. Анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары бар. Кыргызстандан 300гө жакын аял "Аль-Хол" жана "Рож" лагерлеринде жашап жатат. Ушул кырдаал пайда болгондон кийин буларды эмне кылабыз деген маселе эл аралык эксперттерди, юристтерди ойлонтуп келатат. Буга чейин бир нече варианттар каралды. Күрд аскерлери кайтарып турган түрмөлөрдө кармалып турган 12 миңден ашуун эркектерди, согушкерлерди кандай кылып соттойбуз, жоопко тартуу маселеси, кайсы өлкө соттошу керек, кайсы сот карайт деген маселени анализдеп жатышат. Анын бири эл аралык трибунал түзөлү деген маселе болду. Муну 10дон ашуун Европа өлкөлөрү эки жыл мурда талкуулап көрүшүп, ишке ашпай калды. Анын бир нече себептери бар, кайсы аймакта трибунал болот, түрмө кайсы өлкөдө болот, аны ким каржылайт деген маселелери чыгып, ишке ашпай калды. Кийинки талкууда согушчан эркектерди Ирактын түрмөлөрүнө которуп, ошолор соттосун деген маселе болгон. Бул багытта Европа өлкөлөрү, өзгөчө Франция катуу аракет кылды. Бирок бул дагы ишке ашкан жок. Анткени эл аралык коомчулук муну сындап чыкты. Анткени Ирактын сот системасында дагы кемчиликтер көп, өлүм жазасы бар. Эл аралык нормаларга туура келбегендиктен ал сунуштар да ишке ашпай калды".

Орозобекованын айтымында, соңку учурларда ар бир өлкө өзүнүн жарандарын алып кетип, күнөөсү аныкталса өз өлкөсүндө соттолушу керек, аялдар менен балдар репатриация, реабилитация болушу керек деген маселе каралып жатат.

"Лагерлерде акыбал абдан оор. Аялдар, балдар ооруп жатат. Тамак-аш жетишпейт. Ошондуктан БУУ өлкөлөрдү өз жарандарын алып кетүүгө үндөп жатат. Айрыкча балдарды алып кетип реинтеграция, реабилитация кылууга үндөп жатат", - деди Орозобекова.

"Аларга иш козголот, тергөө жүрөт"

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2010-жылдан бери Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны миңге жакын. Алардын 100дөн ашууну каза болгон. Сирияга кеткендердин 572си эркек, 231и аял, 150дөн ашууну өспүрүмдөр экени айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков 9-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттарга жооп берип жатып Сириядагы кыргызстандыктардын 500дөн ашууну аялдар экенин айтты. Алардын арасында Сирия, Ирактын түрмөлөрүндө кармалып тургандары дагы бар.

"Бул аябай көйгөйлүү маселелердин бири. Маалымат каражаттарынан дагы чыгып жатат, күн сайын арыздар түшүүдө. Былтыр алып келинген 79 бала реабилитация болгондон кийин туугандарына бөлүнүп берилген. Биздин көптөгөн жарандар, алардын ичинде 500дөн ашуун аялдар Сирия, Иракта түрмөдө дагы балдары менен кармалып турат. Анын үстүнөн дагы ТИМ жана УКМК иштерди жүргүзүүдө. Алардын бардыгы репатриация болуп келет", - деди атайын кызматтын жетекчи орун басары.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев Сирияга кеткендерди кайтарууга мамлекет көп деле кызыкдар эмес деп эсептейт. Аларды алып келүүдөн мурда дерадикализация программасын даярдаш керек деген оюн ортого салды.

"Чынын айтканда, биз жакта аларды кабыл алгандай шарт жок. Алып келип эле аларды туугандарына кое бербейт эч ким. Аларга иш козголот, тергөө жүрөт, ал жакта эмне кылганын аныкташ керек. Көп убакыт талап кыла турган маселе. Булар дерадикализация программасынан өтүш керек. Булар согуш болуп жаткан аймакка барышты. Булар жөнүндө маалыматтар дээрлик жок да. Кандай болгон күндө да буларды экстремисттик идеологиядан кайтара тургандай кылыш керек. Алар өз ыктыяры менен кеткен да, эч ким жиберген жок да. "Жихадга" кеттик дегендер кетти да. Албетте, арасында башка идеологиянын таасирине, үгүтүнө кирип кетип адашкандар дагы бар. Кандай болсо дагы аны далилдеш керек да. Бул жерде идеологиялык, материалдык мотив дагы болгон".

Молдалиев Кыргызстанда азыр деле ушул сяктуу азгырыктар бар экенин белгилеп, мамлекетте радикалдык топтор баш көтөрүп жатканын кайталап келет.

"Радикал топтор баш көтөрүп, топтошуп, кээ бирөөлөр мечиттерди ээлеп алганга аракет кылгандар бар. Кээ бир мечиттерге башка агымдарды киргизбей, ушул жылдын башында бир аз чыр чыгып барып бийлик өкүлдөрү, муфтият кийлигишип аларды жай жайына койду. Ошондуктан бул жакта мамлекет иштиктүү саясат жүргүзбөсө ушуну менен токтоду дегенге эрте. Диний саясат калыптанбай жатпайбы".


2013-2017-жылдар аралыгында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра келгендери да бар. Азыр эркиндикте жүргөн адамдар да күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Башкы прокуратуранын буга чейинки берген маалыматына караганда, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин козгогон. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген.

Сирия жана Ирактан Казакстан 600дөн ашуун, Өзбекстан 200дөй жаранын (аялдар жана балдар), Тажикстан Ирактан 84 баласын кайтарган.

Кечээ күнү, 27-апрелде Сириянын түндүгүндөгү “Рож” лагерине Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана дипломаттардан турган делегация барганы айтылды. Алар бир нече жылдан бери бул лагерде кармалып турган тажик аялдары менен жолуккан.

“Озоди” радиосунун булактары тажик бийлиги 20га жакын аялдар менен балдарды мекенине кайтарууга аракет кылып жатканын жазды. “Ал-Хол” жана “Рож” лагеринде 600дөй тажик аялдары жана балдар бар экени маалымдалган. Сириядагы тажикстандык аялдарды жана балдарды мекенине кайтаруу боюнча иш алып барган Тажикстандын Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода тажик делегациясынын “Рож” лагерине барганын ырастаган. Тажик бийлиги бул аялдар менен балдарды өлкөгө кайтарыш үчүн сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын айтып келет.

БУУнун эсебинде, он жыл мурда башталган Сирия жаңжалында 350 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. 2011-2021-жылдардагы изилдөөгө ылайык, каза болгондордун 27 миңден ашууну жаш балдар, дээрлик дагы ушунчасы аялдар. Укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны 388 мидей, алардын 117 миңдейи жайкын тургундар экенин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG