Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:09

Кесиптик лицейлерди реформалоо сунушталды


Кесиптик окуу жайлардын биринде өткөн жарманке.
Кесиптик окуу жайлардын биринде өткөн жарманке.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев баштаган депутаттар тобу кесиптик окуу жайларына каржылык эркиндик берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Кыргызстанда 99 кесиптик билим берүү лицейи бар. Аларга мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 200 млн. сом каралат. Кесиптик лицейлердин директорлору эгер каржылык эркиндик берилсе, өзүн-өзү каржылоого өтүүгө мүмкүн экенин айтышууда. Мыйзам долбооруна Финансы министрлиги каршы болуп келет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жанар Акаевдин айтуусунда, кесиптик окуу жайларга каржылык эркиндик берилсе, республикалык бюджетке оорчулук бара-бара азаят. Кесиптик-техникалык окуу жайлар өздөрүнүн өнүгүшү үчүн өздөрү иштей баштайт.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

“Кесиптик окуу жайлар олуттуу реформага муктаж болуп турат. Буга чейин бир канча жерди кыдырдым. Буларда каржылык эркиндик жок. Картөшкө айдайбы, трактор менен жер айдайбы, машине оңдойбу, бир аз тапкан акчасын Финансы министрлигине которуп, ал акчасын кайра Бишкектен алып кеткенге убакыт кетүүдө”.

Мыйзам долбоорун талкуулоого Кыргызстандын бардык аймагындагы кесиптик лицейлердин жетекчилери келген. Алар материалдык-техникалык базасы 1970-1980-жылдардан бери жаңылана элек лицейлер бар экенин айтышты. Мугалимдердин айтуусунда, студенттер көбүнчө теориялык гана билим алат. Ал эми практика кылууга акча каражаты жок.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу министрлик мыйзам долбоорун колдой турганын айтат.

Расул Абазбек уулу
Расул Абазбек уулу

“Бул мыйзам долбооруна Билим берүү жана илим министрлигинин көз карашы оң. Эмне үчүн? Анткени кесиптик лицейлер каржылык жактан каржалып турат. Өздөрү тапкан акчаны өздөрү иштете албайт. Лицейлердин имараттары, чарбалары бар. Ошолорду өздөрү иштетип, акча каражатын тапса жакшы болмок. 1 млрд. 200 млн. сом бөлүнөт деген менен ал акча айлык-акыга жана имараттарды оңдоп турууга гана жарабаса, өнүгүүгө жетпейт”.

Кыргызстанда жалпы 99 кесиптик билим берүү жайлары бар, анда 30 миң студент окуйт. Ага мамлекет жыл сайын 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык каражат бөлөт. Бул каражат мугалимдердин айлык-акысына, студенттердин стипендиясына кетет.

Бишкек шаарындагы №18 кесиптик окуу жайынын жетекчиси Бакыт Малдыбековдун пикиринде, эгер каржылык эркиндик берилсе, лицей өзүн-өзү каржылай алмак.

“Биздин лицейге мамлекеттик бюджеттен жылына 20 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Бул акча айлык-акы, комуналдык кызматтар, тамак-аш, стипендия жана салыктарга кетет. Бюджеттик формада 545, контрактык негизде жүздөн ашык бала окуйт. Бүгүнкү күнү окуу кызматтарын көрсөтүп гана акча таба алабыз. Бирок элге кызмат көрсөтүп акча табууга мыйзам жол бербейт. Эгер элге кызмат көрсөтүүдөн акча тапканга уруксат берилсе, бюджеттен акча сурабайт элек. Бизде материалдык-техникалык базабыз бар. Мисалы, тикмечилер, ашпозчулар, машине усталар бар. Өндүрүш тажрыйбасында акча тапсак болот”.

Анткен менен бул мыйзам долбооруна Финансы министрлиги каршы болууда. Министрликтин өкүлү Алмазбек Кочкоровдун айтуусунда, мыйзам долбоору колдоо тапса, Бюджет кодексине өзгөртүү киргизилиши керек.

“18-январда Бюджеттик кодекске өзгөртүү, толуктоолор кирген. Анда бөлөк каражаттар деген бөлүк бар, алардын тизмесин өкмөт бекитет. Бул мыйзамдын өзөгү окуу, өндүрүштөн түшкөн каражаттар болуп жатыптыр. Анын бардыгы эле кодекстеги бөлөк каражаттар деген бөлүккө кирет. Бирок окуу жай өзү өндүргөн товарды сатуу кирбей калган. Андай пункт дагы бар. Ошого киргизип койсо болот”.

Кесиптик окуу жайлардын жетекчилери Финансы министрлигинин бул жүйөсүнө каршы чыгышты. Алардын айтымында, азыркы мыйзам менен каражат табууга мүмкүн болбогон үчүн кырдаал түзүлүп калды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мыйзам долбоору боюнча министрликтер өз ара сүйлөшүп, бир пикирге келе турганын белгиледи. Байсалов өкмөт кесиптик окуу жайларына кийинки жылы материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 300-500 млн. сом бөлүү маселеси караларын айтты.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Өзүңөрдү өзүңөр өнүктүргүлө, жаныңарды баккыла дегенден алыспыз. Азыр билим берүү системасында 1-апрелден баштап айлыктарды көтөрдүк. Азыр деле каражат бар, бирок кандай болуп кетет деп кармап турабыз. Бирок биз кийинки бюджетке материалдык-техникалык базаны жаңылоого 300-400 млн. сом киргизишибиз керек. Анткени мигрантын кесиби болсо, беш эсе көп акча табат”.

Кесиптик билим берүү системасы боюнча эксперт Максат Абдыкапаров тармактагы көйгөйлөр тууралуу буларга токтолду.

“Азыркы тапта окутуп жаткан мугалимдер таарынбасын, алардын деңгээлин көтөрүш керек. Же өндүрүштөн адистерди тартыш керек. Бирок өндүрүштөн келген адистер мугалимдин айлыгына макул болбойт. Ошондуктан кесиптик окуу жайларга эркиндик берилсе, студенттер 30% көбөйүшү мүмкүн. Анткени азыр кесиптик окуу жайларда 30 миң, жогорку окуу жайларында 100 миңдей бала окуп жатат. 20-30 миң бала окуу жайда эмес же эмгек рыногунда эмес, көчөдө бекерпоз болуп жүрөт. Ошондуктан ал балдарды кесиптик окуу жайга тартууга мамлекет кызыктар болушу керек”.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, кесиптик лицейлердин 75% бүтүрүүчүлөрү жумуш менен камсыз болот.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG