Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга арналган коомдук талкуу өтүп жатат


Ашпозчулукту үйрөнгөн окуучулар.
Ашпозчулукту үйрөнгөн окуучулар.

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеште кесиптик билим берүү жайларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу максатында айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук угуу өтүп жатат.

Демилгечилер Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элдар Сулайманов баштаган эл өкүлдөрү.

Жыйында кесиптик лицейлер кызмат көрсөтүү аркылуу акча каражатын табууга учурда мыйзам жол бербей турганы айтылды. Бюджеттен 1,2 млрд. сом бөлүнгөн 99 кесиптик лицейде 30 миң студент окуйт.

Билим берүү жана илим министрлиги мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Айрым лицейдин директорлору эгер каржылык эркиндик берилип, билим берүү кызматын гана көрсөтпөстөн, элге кызмат көрсөтүүгө дагы мыйзам жол берсе, лицей өзүн-өзү каржылай турганын айтып жатышат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбектин айтуусунда кесиптик лицейлердин 75% бүтүрүүчүлөрү жумуш менен камсыз болуп келет. Бул мыйзам долбооруна Финансы министрлиги каршы чыккан. Министрлик эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Бюджет кодексине дагы өзгөртүүлөр киргизилиши керектигин жүйө келтирүүдө. Мекеменин билдиришинче, азыркы мыйзам менен деле кесиптик лицейлерге каржы табууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.

Билим берүү жана илим министрлиги бул тармакка бир топ жаңыланууну киргизүүнү көздоп жатат. Министр Алмазбек Бейшеналиев сөз болуп жаткан демилгени мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүрүүдө.

Эгер демилге колдоо тапса, даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-классты окуп башташат. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG