Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Бишкектеги айып короодо турган төрт автоунаа күйүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан жол коопсуздугунун эрежелерин бузган автоунаалар токтоп турган короодо турган төрт жеңил машине күйүп кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, короодогу “Ауди-80” жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн.

“Хонда Аккорд” жана “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунаалардын бир бөлүгүн от чалган. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган эмес. Аталган мекеме өрттүн себеби такталып жатканын билдирди.

2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG