Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Киевде бир нече жардыруу болду


Киев.
Киев.

Шаршемби күнү, 28-апрелдин кечинде Киевде бир нече жардыруу болду. Бул маалыматты Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко тастыктады.

Анын айтымында, жардыруулар Лукьяновка аймагында (Шевченко району) болгон. Геращенко орус армиясы бутага алынган аймакка бир эле учурда үч ракета учурганын, ошондуктан аларды атып түшүрүү кыйынга турганын түшүндүрдү. “Киевди көздөй багытталган ракеталардын бирин биздин абадан коргонуу күчтөрү жок кылды", - деди ал.

Журналист Борис Сачалконун айтымында, соккунун бутасы Киевдеги коргонуу заводдорунун бири болгон (болжол менен учак ракеталарын чыгарган "Артем" коргонуу заводу). Ал эми украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк сокку БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Киевде жүргөндө жасалганын баса белгиледи.

Кийинчерээк Геращенко видео тартып, анда ракеталардын бири “эл аз жашаган” турак жайдын төмөнкү кабаттарына тийгенин айтып, ошол үйдү көрсөткөн. Анын айтымында, ракета тийгенден кийин өрт чыгып, бирок ал өчүрүлгөн, учурда куткаруучулар жеринде иштеп жатат.

Киевдин мэри Виталий Кличко соккудан үч адам жарадар болгонун, алар ооруканага жеткирилгенин билдирди. Геращенко алты киши жараат алганын айтып жатат.

Украинанын борборунда саат 18:22де аба чабуулу боюнча эскертүү жарыяланып, элди баш калкалоочу жайларга жашынууга үндөштү.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Киевге 27-апрелдин кечинде, Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин келген.

Киев согуштун биринчи айында эле ракеталык чабуулдарга дуушар болгон – орус аскерлери Украинанын борборуна жакын барып, аны басып алууга аракет кылган. 15-мартта Лукьяновкадагы жарылуунун кесепетинен метро станциясынын фасады жана башка бир нече объектилер жабыркаган. Ракеталардын бири телемунаранын имаратына тийип, техникалык борбор жабыркаган. Март айында дагы бир ракета станциянын имаратынын жанына түшкөн.

Апрелде Киев бийлиги ракеталык чабуул коркунучу жоюла элек болгондуктан, үй-жайын таштап кеткен тургундарга кайтып келүүгө али эрте экенин эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG