Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады


Жо Байден. Ак үй, 21-апрель, 2022-жыл.
Жо Байден. Ак үй, 21-апрель, 2022-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи.

Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты.

Байден Украинага жардам берүү менен АКШ Орусияга чабуул койбогонун, баскынчылыкка туруштук берүүгө өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи. Президент Вашингтон украин жергесине аскерлерин жөнөтпөсүн кайталап, бирок өнөктөшөтөр менен бирге артиллериялык жабдуу жана танктар өңдүү оор куралды жөнөтүүнү көбөйтөрүн айтты.

Ал ошондой эле Орусия Украинада өз максаттарына жетпей жатканын сезип, андыктан Путин өзөктүк курал менен коркутуп жатат деген ою менен бөлүштү.

Орус мамлекет башчысы өзөктүк куралды түздөн түз сөз кылбаганы менен шаршембиде Орусияга Украинада “стратегиялык коркунуч” жаралса, “чагылгандай тез чабуул коюларын” эскерткен.

Байден сураган 20 миллиард доллар Украинага жана кошуна өлкөлөргө аскердик жардамга багытталмакчы, 8 жарым миллиард Киевге экономиканы көтөрүүгө, 3 миллиард гуманитардык жардам катары берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG