Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Латвия спортчуларына Орусиядагы мелдештерге катышууга тыюу салды


Латвия жана Орусиянын хоккей боюнча курама командалары. Архивдик сүрөт
Латвия жана Орусиянын хоккей боюнча курама командалары. Архивдик сүрөт

Латвиянын парламенти өлкө спортчуларына Орусиядагы жана Беларустагы мелдештерге катышууга, ал өлкөлөрдүн командалары менен кызматташууга тыюу салды. Эреже бузгандар мамлекет тарабынан каржыланбай, улуттук курама командасына кирбей калышы мүмкүн.

Сейм 28-апрелдеги жыйында тиешелүү документти кабыл алганын Delfi маалымат сайты билдирди.

“Орусиянын согуштук агрессиясы Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузат жана чукул чечимдерди талап кылат”, - деп айтты парламенттин спорт комиссиясынын төрагасы Сандис Риекстиньш.

Мыйзам долбоорун чечмелөөдө айтылгандай, Риганын "Динамо" клубу Континенталдык хоккей лигасына (КХЛ) катыша албайт. Лиганын мелдештерин Латвияда өткөрүүгө да болбойт.

Бир топ жерлерде мамлекеттин спорт федерацияларынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Бирок Орусия Украинага басып киргенден бери спорттун дээрлик бардык түрлөрү боюнча федерация, ассоциациялар орус спортчуларын турнирлерден өз алдынча четтетишти. Айрым учурларда андай чечимди уюштуруучулар кабыл алышты.

Жакында Уимблдондун уюштуруучулары орус теннисчилеринин быйыл бул абройлуу мелдешке катыша албасын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG