Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Активист Капалованын балдарынын күбөлүгү боюнча чечим чыкты


Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

Балдарынын күбөлүгүндөгү "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган Алтын Капалованын иши Жогорку сотто 28-апрелде каралып, буга чейинки инстанциялардын документтерди жокко чыгаруу чечими күчүндө калды. Бул тууралуу активист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жогорку сот чечим тууралуу маалымат бере элек.

Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырган.

2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, утуп алган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда буга чейин балага мындай жол менен документ алган учур катталган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG