Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Нарын: Чек арада курман болгон жоокерге эстелик орнотулду


Эсентур Кубанычбековдун эстелиги.
Эсентур Кубанычбековдун эстелиги.

Өткөн жылы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Эсентур Кубанычбековдун эстелиги Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына орнотулду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

28-апрелде Нарындагы “Тайлак баатыр” атындагы №2025 чек ара аскер бөлүгүндө Эсентур Кубанычбековду эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, эстелиги ачылды. Анын курмандыгы жөнүндө театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Чек ара кызматынын №2053 бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 2021-жылы 29-апрелде белгисиз куралдан атылган октон каза болгон.

Кубанычбеков Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Үч бир туугандын экинчиси. Бир жашында атасы каза болуп калган.

Ал Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте 8-класска чейин билим алган. Андан кийин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде окуусун уланткан. Кийинчерээк Орусиядан, Түркиядан аскердик билимин жогорулатып келген.

Былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаганн. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG