Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Канада Орусиянын Украинадагы аракеттерин геноцид деп тааныды


Украинанын Буча шаары. Апрель, 2022-жыл
Украинанын Буча шаары. Апрель, 2022-жыл

27-апрелде Канаданын парламенти Орусиянын Украинадагы аракеттерин “геноцид” деп атаган документти бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү La Presse гезити жазды.

Депутаттардын айтымында, Орусия жасаган "адамзатка каршы ырааттуу, массалык согуш кылмыштарынын далилдери абдан көп".

Документтин автору Хизер Макферсон Орусиянын аракеттерин геноцид деп таануу алгачкы гана кадам болгонун айтып, өкмөттү Москвага каршы санкцияларды күчөтүүгө, украин элине гуманитардык жардамды көбөйтүүгө чакырды.

"Эл аралык кылмыш сотун каржылоого, геноциддин артында тургандарды жоопко тартуу үчүн сотту бардык инструменттер жана ресурстар менен камсыздоого аракет көрүүгө тийишпиз", - деп айтты Макферсон.

13-апрелде АКШ президенти Жо Байден орус аскерлери Украинадагы карапайым элге каршы жасаган кылмыштарды биринчи жолу тукум курут деп сыпаттаган. Ошол эле маалда расмий чечимди юристтер чыгарарын кошумчалап, жеке өзү муну геноцид деп ойлогонун айткан.

14-апрелде Украинанын парламенти орус армиясынын, Орусиянын саясий жана аскердик жетекчилигинин аракеттерин украин элине каршы геноцид деп тааныган токтом кабыл алган.

21-апрелде Эстония жана Латвия Орусиянын Украинадагы аракеттерин геноцид деп расмий тааныган.

XS
SM
MD
LG