Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

АКШда орусиялык активдерди Украинага жардам үчүн пайдаланууга жол ачкан мыйзам жактырылды


АКШ Конгресси, Вашингтон
АКШ Конгресси, Вашингтон

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусияга тиешеси бар активдерди Украинага берилген жардам үчүн пайдаланууга жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу “Америка добушу” радиосу маалымдады. Долбоорду 417 конгрессмен колдоп, сегиз мыйзам чыгаруучу каршы добуш берди.

Демократ Том Малиновски жана республикачыл Жо Уилсон иштеп чыккан документте мындай чара 2 миллион доллардан жогору активдерге, анын ичинде орусиялык энергетикалык компаниялардын менчигине колдонулары белгиленген.

Аларды сатуудан түшкөн каражатты аскердик, гуманитардык жардамга, Украинанын инфраструктурасын кайра курууга, украин качкындарына жумшоо каралган. Мындан тышкары Орусиянын демократия, адам укуктары чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө да бөлүнмөкчү.

Буга чейин Украинанын юстиция министри Денис Малюська Киев Орусиянын чектөө коюлган резервдерин согуштук аракеттердин натыйжасында келтирилген чыгымды жабууга жумшоону караштырганын билдирген. Ал үчүн ошол өлөклөрдө атайын мыйзамдар кабыл алынууга тийиш экенин кошумчалаган.

Москва Украинага басып киргенден бери АКШ жана Батыштын башка мамлекеттери Орусиянын Борбордук банкынын валюталык резервинин дээрлик жарымын же 640 миллард долларды камакка алган.

XS
SM
MD
LG