Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Абактагы ирандык адвокат Насрин тууралуу тасма Бишкекте көрсөтүлөт


Насрин Сотуде
Насрин Сотуде

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдиргендей, “Насрин” даректүү фильми Нидерланддагы Тасма Movies that Matter (“Мааниси бар тасмалар") кинофестивалынан алынган.

Анда ирандык укук коргоочу, юрист жана саясий туткун Насрин Сотуде тууралуу баяндалат.

Перс тилинде тартылган тасма Улуттук тарых музейинин кино залында 29-апрелде саат 16:00дө кыргыз жана орус субтитрлери менен көрсөтүлөт.

Андан кийин эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин катышуусунда талкуу болору айтылды. Ага "Насрин" тасмасынын режиссёру Жеф Кауфмен онлайн форматта катышат.

59 жаштагы адвокат Насрин Сотуде саясий негизде камалгандарды, хижаб кийүүгө каршы чыккандарды коргогону үчүн 2018-жылдын июнунда камакка алынган.

Ага карата тыңчылык, мамлекетке каршы үгүт, Ирандын жогорку лидеринин ар-намысына шек келтирүү боюнча айыптар коюлган. Сотудеге 38 жыл, алты ай жана 148 жолу балак уруу өкүмү чыккан. Азыр абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Укук коргоочу өлкөдөгү сөз эркиндиги, адам укуктары үчүн күрөшүп, ага чейин да бийликтин куугунтугуна кабылып келген. 2012-жылы Сотуде Европарламенттин Сахаров сыйлыгын алган.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG