Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

USAID Кыргызстанга 31 миллион сомдук медициналык жабдуу берди


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, пандемияны ооздуктоо чараларынын алкагында Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттик (ЮСАИД) берген жабдуулар бир катар медициналык жайларга бөлүштүрүлөт.

Анда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти GeneXpert деп аталган заманбап диагностикалык аппарат алат. Бул жабдуунун негизинде коронавирусту аныктоо тестинин жыйынтыгын чыгаруунун мөөнөтү беш сааттан 40 мүнөткө чейин кыскарат. Ошондой эле аны кургак учук өңдүү дагы башка инфекцияларды аныктоо үчүн да колдонсо болот.

Медициналык жабдуулар Улуттук госпиталга, Чүй жана Ош облусундагы ооруканаларга дагы берилет.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин азайып, айрым күндөрү катары менен ооругандар аныкталбай калды. Көз жумгандар бир канча күндөн бери каттала элек. Мындан эки күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар жок экенин билдирген.

Өлкөдө ооругандарын жалпы саны 200 990 адам болду, 2991 бейтап көз жумду.

Жалпысынан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, толук эмделгендер 1,3 миллионго чукулдады. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG