Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Next TVнын директорунун тергөө абагындагы мөөнөтү узарды


Таалай Дүйшөмбиев 5-марттан бери тергөө абагында отурат.
Таалай Дүйшөмбиев 5-марттан бери тергөө абагында отурат.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 28-апрелде Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасын карап, 3-июнга чейин абакта калтырды. Анын тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу тууралуу сотко Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү өтүнүч келтирген Сот жараянында атайын кызматтын өкүлү тергөө иштери улантылып, анын алкагында аталган телеканалдын кызматкерлерин дагы суракка чакырыларын айтты.

Судья Таалай Дүйшөмбиевдин адвокаты Тимур Султановдун камакка алуу менен байланышпаган бөгөт чарасын тандоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Өткөн айдын башында аталган медиага карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган. Прокуратуранын сотко кайрылышына Next TVнын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев билдирүүсү тууралуу кабар негиз болгон деп көрсөтүлгөн.

Мындан көп өтпөй, 5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG