Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Султанбаев: Кыргызстан ЖККУдан чыгары тууралуу маалымат негизсиз


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгары тууралуу маалыматтар негизсиз экенин билдирди.

Ал 27-апрелде Фейсбуктагы баракчасына "Кыргызстан ЖККУдан чыгуу жана НАТОго кирүү маселесин карап жатат" деген мазмундагы социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратуудан карманууну өтүнөм, ошондой эле анык жана расмий булактарга ишенүүгө чакырам", деп жазды.

Анын алдында Султанбаев бийлик Орозо айтты белгилөөгө, мал союуга бийлик тыюу салганы тууралуу мессенжерлердеги, социалдык тармактардагы маалыматтарды жокко чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 27-апрелде жалган, чагымчыл маалымат тараткандарга мыйзамда жоопко тартуу каралганын эскерткен. Милиция кандайдыр бир бир шектүү маалыматтарды билбей тараткандар да кылмыш жоопкерчилигинен куткарбай турганын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG