Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Бишкек: таштанды жайга бөлүнгөн каражат боюнча аудит жүрүп жатат


Бишкектин таштанды жайы өтө оор абалда.
Бишкектин таштанды жайы өтө оор абалда.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 28-апрелде басма сөз жыйынында билдирди. Ал таштанды жайга бөлүнгөн 22 миллион евронун учурда теңи гана калганын, калган жарымы кайда жумшалганын териштирип-иликтөө үчүн Эсептөө палатасы аудит жүргүзүп жатканын маалымдады. Мэр таштандыларды иргеген, өрттөгөн заводдорду куруу маселеси ал үчүн алдыңкы орунда турарын айтты.

Ушул айдын башында Бишкек шаардык прокуратурасы таштанды полигонун рекультивация кылуу жана таштанды иштеткен завод куруу долбооруна байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Анын алкагында бир адамга айыбы угузулуп издөө жарыяланган. Айрым маалымат агенттиктери издөөдө жүргөн адам Бишкек санитардык полигонунун мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев экенин жазып чыккан.

Шаардын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн 2017-жылы Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнгөн жана анын теңи насыя түрүндө берилген. Таштанды полигонун иргеп-иреттөө долбоорун эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алган.

Февраль айында ошол кездеги шаар мэри Айбек Жунушалиев бул каражаттын 10,5 миллиону коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын айткан.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.

Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG