Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Орусияда айлыгы азайганын айткан мигранттар акцияга чыгышты


Delivery Club сервисинде иштеген мигранттардын акциясы. 27-апрель, 2022-жыл
Delivery Club сервисинде иштеген мигранттардын акциясы. 27-апрель, 2022-жыл

Орусияда Delivery Club компаниясында иштеген борбор азиялык ондогон мигрант айлык акысы азайганы үчүн иш таштап, бир жумадан бери нааразылык билдирип жатышат. Алардын айтымында, азык-түлүк, тамак-ашты жөө жеткирген курьерлер 21-апрелден тарта мурдагыдан аз акча алып калышты.

"Орусия, бүт дүйнө азыр кандай окуяларды башынан кечирип жатканын түшүнөбүз. Бирок эмгек акыбызды буга чейинки тариф менен төлөнүшүн талап кылабыз”, - деп айтты мигранттардын бири “Азаттыктын” тажик кызматына.

Delivery Club жетекчилиги эч кандай иш таштоону байкабаганын, курьерлердин саны азайбаганын жана кызматкерлердин маяналары өзгөрбөгөнүн билдирген.

Соңку эки айдан бери Орусиядагы эмгек мигранттары айлыгы азайып, кээде акча кечигип төлөнө баштаганын, жумуш азайганын айтып келишет. Укук коргоочулар жумушсуз калган мигранттардан көп даттануулар түшө баштаганын белгилешет. Мындай абал өзгөчө Украинадагы согуш башталгандан бери чет өлкөлүк компаниялар Орусиядан кете баштаганда түзүлдү.

Орусия борбор азиялык мигранттар иш издеп кеткен негизги багыт бойдон калууда. Айрым эксперттер ал өлкөдөгү экономикалык кризистен улам үйлөрүнө кайткан мигранттар көбөйүшү ыктымал деп эскертишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG