Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

ЭлТР телеканалынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек- Нарын-Торугарт автожолунда ЭлТР телеканалынын кызматкерлери кырсыкка учурады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматта кырсык 27-апрелде саат 16:50 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айланма жолдо катталганы айтылат. Телеканалдын кызматкерлери бараткан Opel Zafira үлгүсүндөгү автоунаа оор жүк ташуучу "КамАЗды" артынан сүзгөн. Кырсыктын себептери такталып жатат.

Жеңил автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, ичиндеги 46 жана 45 жаштагы эки киши Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Телеканалдын жетекчиси Эрлан Догдурбеков жеңил машинеде бараткандар телеканалдын кызматкерлери экенин "Азаттыкка" ырастап, аларды Бишкектеги ооруканага которуп жатканын билдирди. Жабыркагандардын абалы туруктуу экенин айтты.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталды. Андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.(KS)

XS
SM
MD
LG