Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кызматтан кетти


Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу учурундагы сүрөт. Вашингтон.
Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу учурундагы сүрөт. Вашингтон.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кызматтан кетти. Өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов бул чечим анын башка жумушка которулушуна байланыштуу экенин айтты.

Маалыматка ылайык, Абдулазиз Камилов президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жетекчинин орун басары болду.

Камилов парламенттин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын, Украинанын бүтүндүгүн сыйлай турганын жарыялаган.

Мындан кийин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Абулазиз Камиловдун саламаттыгы начарлап, он күн ооруканада жатканын кабарлаган.

"Азаттыктын" өзбек кызматы ("Озодлик") Өзбекстандын өкмөтүнө жакын булактарына таянып, Абдулазиз Камилов министрлик кызматка кайра келбей калышы мүмкүн экенин жазган.

Абдулазиз Камилов Тышкы иштер министрлигин он жыл башкарды.

Аны 2012-жылы мурдагы президент маркум Ислам Каримов кызматка дайындаган. Камилов - Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин кызматын сактап калган жалгыз өкмөт мүчөсү.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG