Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Акылбек Жапаров ооруп калгандыктан казак премьеринин Бишкек сапары жылышы мүмкүн


Алихан Смаилов 29-апрелде Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышмак.
Алихан Смаилов 29-апрелде Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышмак.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруп калгандыктан Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкектеги сапары башка күнгө жылышы мүмкүн.

Алихан Смаилов жума күнү Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышмак.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Акылбек Жапаров ооруканада экенин ырастады. Ага ылайык, өкмөт башчы 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

"Учурда Министрлер кабинетинин башчысынын саламаттыгы туруктуу, канааттандырарлык. Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровду ооруканада дарылоо чечими кабыл алынды",- деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Соңку учурда айрыкча социалдык тармактарда өкмөт башчы алмашары тууралуу сөздөр көп айтыла баштаган.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Акылбек Жапаров кызматтан кетери тууралуу сөздөргө учкай комментарий берген. Анда "ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай" деп жазган.

Февраль айында Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрлык өзгөртүүлөр болот деген маалымат чындыкка дал келбейт” деп маалымат тараткан.

Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп былтыр октябрда дайындалган жана ошондон бери социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу сөздөр маал-маалы менен чыгып жатат. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG