Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Нурбек Изабеков: Айсулуу Тыныбекова машыгууну токтоткон жок


Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.
Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.

Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалдык беттешинде бутун кокустатып алган Айсулуу Тыныбекова машыгууну токтоткон жок. Бул тууралуу 28-апрелде Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков басма сөз жыйынында билдирди. Ал спортчу ушул тушта бутунан башка булчуңдарын машыктырган көнүгүүлөрдү жасап жатканын, эки аптадан кийин саламаттыгы калыбына келерин маалымдады.

22-апрелде Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттеште бутунан жаракат алып жеңилип, күмүш байге алган. Ал жаракатынан улам сыйлоо аземине да катыша албай калган. Күрөштүн бул түрүнөн Тыныбековадан сырткары
Айпери Медет кызы алтын (76 кг.), Мээрим Жуманазарова (68 кг.) күмүш байге алган.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Ал 2015-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына жети жолу катышып, бардыгында тең байгелүү кайткан. Буга чейин төрт жолу жеңүүчү аталса, бир жолу күмүш, бир жолу коло байге алган.

Дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло байге алган. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Улан-Батордо күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү өткөн. Грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары төрт алтын, үч күмүш, сегиз коло байгеге ээ болушкан.

XS
SM
MD
LG