Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Кыргызстандагы блокчейн технологиясы, "Санарип сом"


Блокчейн форум, 23.04.2022
Блокчейн форум, 23.04.2022

Кыргызстанда алгачкы жолу блокчейн форуму өттү. Аны Санариптик өнүгүү министрлиги менен "Ишкер" бизнес-клубу уюштурган. Форумда блокчейн технологиялары, криптовалюта, майнинг индустриясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эксперттер мамлекетти блокчейн-индустрияны өлкө экономикасына айкалыштыруу аракеттерин күчөтүү зарыл дейт.

Блокчейн (blockchain – блоктордун чынжырчасы) – бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларынын түрү, анда бардык маалыматтар ирети менен жазылат жана блокторго бөлүштүрүлөт. Ошол эле маалда ар бир жаңы блок мурунку блок менен криптографиялык колтамгалар аркылуу байланыштырылат (КР "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамы).

"Санарип сабаттуулук 3.0" деп аталган бул блокчейн-форумга Тотугүл Абдуллаева атайын келип катышып, криптовалюта жана аны колдонуунун жол-жоболорун үйрөнүп жатат.

Тотугүл Абдуллаева, криптоинвестор
Тотугүл Абдуллаева, криптоинвестор

"Мен кошумча киреше булагын издеп жүргөндүктөн бул иш-чарага катышып жатам. Мага бул тармак абдан кызыктуу. Бизде бүгүнкү күндө крипто-индустрия абдан өнүгүп жатат. Кээ бир өлкөлөрдө криптовалютаны төлөм катары кабыл алып башташты. Мен дагы криптовалютага инвестиция салгам. Бирок эч качан олуттуу түрдө алектенген эмесмин. Эми бул тармакты изилдей баштадым. Кыргызстанда да ишкерлер ушундай форум өткөрүп жатканына кубанып турам. Чет элден келген эксперттер менен биз дагы жолугушуп, суроолорубузга жооп алганга жана кошумча билим алганга шарт түзүлүп жатат".

Иш-чарага жергиликтүү санарип адистерден тышкары Bybit, Dexfin, Binance, EMCD жана Whitebird өңдүү эл аралык ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Уюштуруучулардын ырасташынча, форумга 400дөн ашуун киши катышып, мамлекеттик органдардын, парламенттин жана эл аралык эксперттердин катышуусунда 10 тематикалык сессия менен панелдик талкуулар болду.

Талкуулардын өзөгүн санарип экономиканын актуалдуу маселелери, криптовалютаны жөнгө салуу көйгөйлөрү, майнингден салык алуу жана блокчейн технологияларды бизнесте, банк системасында жана мамлекеттик башкарууда колдонуу темалары түздү.

Форумдун уюштуруучусу "Ишкер" бизнес-клубунун өкүлү Темирлан Осмонкулов иш-чаранын максаты тууралуу буларды айтып берди:

"Форумдун максаты катышуучуларга блокчейн технологиялары тууралуу так маалыматтарды жеткирүү болду. Анткени, соңку кездери жаңы тренддердин пайда болушу менен ар кандай криптовалюталарды колдонгон алдамчылар дагы көбөйүп барат. Биздин максатыбыз катышуучуларга криптовалютанын негиздерин түшүндүрүп берүү болду. Биз чакырып келген эл аралык адистерден блокчейн техологиялар жана аны бизнесте колдонуу боюнча жакшы тажрыйбаларды алышты. Мамлекеттик сектордон да өкүлдөр катышты. Бул аянтчада "Санарип сомдун" концепциясы жарыяланды. Улуттук банктын өкүлү анын зарылдыгы жана жайылтуу жолдорун айтып берди".

"Мамлекет блокчейн технологияларын жөнгө салышы кажет"

Эксперттер учурда ар бир өлкөнүн алдында блокчейн технологияларды классикалык экономикага интеграциялоо иштери турганын белгилешет. Учурда бул жаатта ар мамлекет өз жолу менен кетип баратат.

Вячеслав Некрасов, EMCD майнинг-компаниясынын өнүгүү боюнча директору
Вячеслав Некрасов, EMCD майнинг-компаниясынын өнүгүү боюнча директору

Форумга катышып жаткан EMCD деп аталган Чыгыш Европадагы ири майнинг компаниянын өнүгүү боюнча директору Вячеслав Некрасов майнинг-индустрияны өнүктүрүү мамлекетке ири каржылык агымды алып келет деп эсептейт.

"Мамлекет бул жаатта өнүгүү үчүн жөнгө салуу ишин калыптандырышы керек. Майнинг тармагында өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасын карай турган болсок, кийинки 2 жыл ичинде майнерлердин Кытайдан Казакстанга, Америка Кошмо Штаттарына жана Орусияга ооп жаткан чоң агымын көрө алабыз. Бул процессти мурдараак баштап, батыл аракет кылгандар азыр алдыңкы орундарда турушат".

Блокчейн-консультант Денис Смирнов блокчейн технологияларын мамлекеттик башкаруу системасына жайылтуу андагы бюрократия менен коррупцияны жок кылат дейт.

Денис Смирнов, блокчейн-консультант, криптовалюталарды изилдөөчү
Денис Смирнов, блокчейн-консультант, криптовалюталарды изилдөөчү

"Блокчейн жана анын негизинде жасалган смарт-контракт технологиялары бардык тутумду, анын ичинде бюрократиялык алакаларды да толук ачык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Блокчейн технологияларын шайлоолордо жана мамлекеттик сатып алууларда колдонуу аларды максималдуу ачык-айкын кылып, коррупцияны абдан татаалдатат».

Түштүк Азияда иш жүргүзгөн "Медиум" технологиялык компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Канат Эсеналиев криптовалютаны жаңы доордун акчасы деп эсептейт.

Канат Эсеналиев, Medium компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү
Канат Эсеналиев, Medium компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү

"Качандыр бир кездери монетаны колдончубуз. Кийин кагаз акча пайда болгон. Азыр электрондук акчаны колдонуп жатабыз. Криптовалюта бул жаңы доорго өтүү болуп эсептелет. Санарип экономика болгон жерде санарип акча да болот. Санарип акча деген – бул криптовалюта. Бул рынок жыл өткөн сайын күч алып барат. Он эки жыл ичинде 3 трлн. долларга чейин жетти. Бул жакка канчалык көп акча салынган сайын салттуу экономика ага ошончолук ыңгайлаша берет. Бизнес дагы санарип акчага өтөт жана криптовалютанын орду бекемдей берет. Ошондуктан, бул тармакты жакшылап үйрөнүү кажет".

"Санарип сом" – экономиканын жаңы валютасы

Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев өкмөт блокчейн технологияларынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, аларды мамлекеттик башкарууга жайылтуунун үстүндө иштеп жатышканын билдирди.

"Бул технология финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу процесстерди бир кыйла жөнөкөйлөтөт. Технологияны мамлекеттик башкарууда колдонуу менен мамлекеттик системанын ачык-айкындуулугуна жетишсек болот".

Ошондой эле парламент ичинде майнингди жөнгө салуу маселеси талкууланып жатканы жана Салык кодексинде майнинг салыгы каралганы айтылды.

Форумда Улуттук банк сомдун кошумча санарип формасын жүгүртүүгө киргизүүгө даярдыктар жүрүп жатканын жар салып, "Санарип сом" концепциясын алгачкы жолу тааныштырды.

Мекеменин Санарип жана финансылык технологиялар бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Бакесариева концепциянын максаты менен ишке ашыруу механизмдери тууралуу буларды айтып берди.

Айгүл Бакесариева, Улуттук банктын Санарип жана финансылык технологиялар бөлүмүнүн башкы адиси
Айгүл Бакесариева, Улуттук банктын Санарип жана финансылык технологиялар бөлүмүнүн башкы адиси

"Бул концепция санарип сомдун акча айлантуудагы мүмкүн болгон ролун кароону сунуштайт. Концепцияда санарип сомдун прототибин ишке ашыруунун негизги жолдору каралган. Санарип сом – бул Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын кошумча санариптик формасы жана Улуттук банктын милдеттемеси болуп эсептелет. Эмне үчүн бул улуттук валютанын кошумча формасы болуп эсептелет? Анткени, учурда кыргызстанда эки улуттук валюта формасы бар. Бири накталай сом. Экинчиси – улуттук банктын жана коммерциялык банктардын эсептериндеги каражат түрүндөгү накталай эмес сом. Санарип сом накталай жана накталай эмес сом менен катарлаш эле колдонулуп, акчанын жана төлөмдөрдүн бардык функцияларын аткарат. Накталай сом менен накталай эмес сомдор да, санарип сом да бирдей баада болот. Акча ээси сомду бир формадан башка формага өзу каалагандай өткөрө алат".

Блокчейн технологияларын жөнгө салууга аракети

Блокчейн технологиялардын өзгөчө инновациялык мүнөзүнөн улам кыргыз коомчулугунда ага байланыштуу бир катар суроолор азырынча ачык турат. Бул технологиялардын иштеши (криптовалюта, майнинг, ICO-Initial Coin Offering, криптовалюталык биржалар ж.б.) кыргыз мыйзамдарына канчалык коошот? Майнинг менен мыйзамдуу түрдө алектенүүгө болобу? Криптовалюта менен соода кылуу үчүн ишкер болуу керекпи? Блокчейн-активдер менен жүргүзүлгөн операциялардан кандай салыктар алынат?

Кыргызстандын укуктук талаасында блокчейн технологияларын жөнгө салуу механизмдери азырынча жок. Жогорку Кеңеш 2021-жылдын декабрда "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзам долбоорун кабыл алган. Президент Садыр Жапаров ага 2022-жылдын 21-январында кол койгон. Мыйзам жарыялангандан алты айдан кийин, июлда күчүнө кирет.

Мыйзам "блокчейн, виртуалдык актив, виртуалдык активдин капчыгы, майнинг, майнер, майнинг жабдыгы, өндүрүштүк майнинг, криптобиржа, санарип токен, виртуалдык активдердин эмитенти" деген түшүнүктөрдү камтыйт.

Учурда парламент "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамды башка мыйзам актылары менен шайкеш келтирүү үчүн Жарандык кодекс баш болгон бир нече мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

Бирок эксперттер ал мыйзамда түшүнүксүз жагдайлар көп экенин айтышат. Блокчейн-консультант Асыл Айтматов мыйзамда жообу жок суроолор көп дейт.

Асыл Айтматов, блокчейн-консультант
Асыл Айтматов, блокчейн-консультант

"Мыйзамды алты айдан кийин күчүнө кирет деп атышат. Бирок, азырынча аны менен эл тааныша элек. Кандай тартипте иштээри белгисиз. Мыйзам бойдон, кагазда эле калып калышы да мүмкүн. Мен окуп чыктым. Чынын айтканда, көп жери түшүнүксүз. Бул өтө бат өсүп жаткан тармак болгондуктан, аны көзөмөлгө алыш кыйын. Кандай салык салышат, эл салыкты эмнеге төлөшү керек? Аны эмнеге барабар кылып баалашат, баалуу кагаз кылышабы же өзүнчө категорияга бөлүшөбү? Ушундай сыяктуу жагдайлар азырынча түшүнүксүз. Өкүнүчтүүсү, ал мыйзамды коомдук талкуулоо кандай өткөнү белгисиз. "Талкуу кайсы жерде болду, жарандар сунуш-пикирлерин кайсы жакка беришти, эл аралык эксперттер катыштыбы-жокпу же өзүбүз эле ойлоп таап жазып жатабызбы" деген суроолорубуз бар", - дейт адис.

Кыргызстанда азырынча криптовалюта индустриясын жөнгө салган атайын мыйзам жок. Майнинг компаниялардын ишмердигине расмий тыюу салынган эмес, бирок алар үчүн мамлекеттик электр кубатын колдонууга чектөөлөр бар. Майнинг-фермалар чакан ГЭСтердин же энергиянын кайра жаралуучу булактарынын кубаттуулуктарын колдонуп иштесе болот.

Санариптик өнүгүү министрлиги блокчейн технологияларын изилдеп, алдыда аны шайлоо жана финансылык процесстерде колдонууну көздөп жатышканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG