Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча айрым маалыматтарга ишенбөөгө чакырды


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк адамдарды виртуалдык активдерге жамынып алып, “коин”, “криптовалюта”, “криптомонета”, “криптоактив” сөздөрдү колдонуп, айрым активдерди сатып жаткан шылуундардан сак болууга чакырды.

Мекеме, анда финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемалар бар экенин, алар ушундай жол менен кишилердин акчасын алып коёрун эскертти.

Өлкөнүн негизги банкы алдамчылар Интернетте, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактар менен мессенжерлерде өздөрүн жарнамалап, “адамдарга тез эле көп пайда көрүүгө болот” деген маалыматты берип жатканын билдирди.

Банк мындай жарнама иштерине белгилүү адамдар да тартылып атканын кошумчалады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG