Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

УКМК: Баңгизат саткан аскер кызматкерлери кармалды


Аскер кызматкерлерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Аскер кызматкерлерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 15-апрелде Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери баңгизат сатууга айыпталып кармалганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта аскер кызматкерлери Бишкек шаарындагы жарандарга "гашиш" баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал түзүп алганы айтылат.

Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен иш козголуп, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилген.

Аталган фактыны УКМК менен Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы аныктаганы айтылат.

УКМК буга чейин маңзаттарды сатууга мажбурлаган Талас шаардык милициясынын капитаны кармалганын 8-апрелде билдирген.

23-мартта маңзаттарды сатуу менен алектенгендерди коргоп жүргөн, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, милициянын подполковниги кармалганын билдирген.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG