Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстандык футболчу "Галатасарайдын" негизги курамы менен оюнга чыкты


Бекназ Алмазбеков.
Бекназ Алмазбеков.

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" футбол клубунун негизги курамы менен оюнга чыкты. 14-апрелде "Галатасарай" клубу украиналык "Динамо Киев" менен Түркиянын Стамбул шаарындагы NEF стадионунда достук беттеш өткөргөн.

Чабуулчу Бекназ Алмазбеков беттештин 82-мүнөтүндө оюнга чыкты. Ал Инстаграмга "машыктыруучуларымдын колдоосу менен кыялым орундалды, негизги курам менен оюнга чыктым" деп жазды.


Бейшембидеги "Галатасарай"-"Динамо Киев" достук беттеши 1-3 эсебинде киевдиктердин пайдасына аяктаганы, бул оюндан түшкөн каражат Украинадагы согуштан жабыркагандарга жөнөтүлөрү кабарланды.

16 жаштагы Алмазбеков ушул жылдын февраль айынан баштап "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыга баштаган. Ага чейин "Галатасарайдын" жаштар командасына ойноп жүргөн. Команданын курамына 2019-жылы келген. Ал буга чейин түрк медиасынын мактоосуна арзып, социалдык тармакта клубдун жетекчиси Фатих Теримдин "ханзаадасы" деп атыккан.

2020-жылы Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн World Fair Play Awards сыйлыгына татыган.

Анда 2019-жылы март айында "Галатасарайдын" 14 жашка чейинки оюнчулары "Стамбул спорт" командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө галатасарайчылардын капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуу ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырган.

Калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде, Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койгон. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түркиялык жана дүйнөлүк медиа анын үлгү көрсөткөнүн жазып чыгышкан.

Эл аралык комитет Бекназ Алмазбековдун бул кадамын таза, акыйкаттуу деп баалап, абройлуу сыйлыкты тапшырган. Спортчунун футболдогу жетишкендиги үчүн Түркиянын университеттери да сыйлыктарды тапшырган.

1905-жылы негизделген "Галатасарай" клубу Түркиянын Суперлигасында ойнойт. Учурда чемпионаттын турнирдик жадыбалында 20 клубдун арaсынан 13-катарда бара жатат. Аталган клуб 22 жолу Түркиянын чемпиону болуп, 18 жолу өлкө кубогун, 16 жолу Суперкубогун уткан. УЕФА Кубогунун жана Суперкубогунун ээси. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG