Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Октябрь окуясы: жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылды


2020-жылы октябрдагы нааразылык акциялары тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам каза болуп, дагы бир нечеси жараат алган.
2020-жылы октябрдагы нааразылык акциялары тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам каза болуп, дагы бир нечеси жараат алган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында 15-апрелде Октябрь окуяларында жабыркагандар, жарадар болгондор жана алардын жакындары дагы митингге чыгышты. Алар ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылып, жооп ала албай жатканын айтышты. Мындай дооматка башкы көзөмөлдөөчү орган азырынча комментарий бере элек.

Нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын айтып келишет.

Октябрь окуяларында жабыркагандар 8-апрелде дагы Биринчи май райондук сотунун алдында ушундай эле талап менен митингге чыгышкан.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте 5-6-октябрь күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам мерт болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон.

Нааразылык акциялар бийлик алмашуу менен аяктаган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев февраль айында Жунушалиев менен Опумбаевге кылмыш иши козголбогонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG