Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар былтыр 11 млрд сом киреше тапкан


"Кыргызнефтегаз" былтыр эки миллиард сом киреше берген.
"Кыргызнефтегаз" былтыр эки миллиард сом киреше берген.

Жогорку Кеңеште 15-апрелде "Элдик" депутаттык тобу мамлекеттик ишканаларды, мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду жана улутташтырылган объектилерди башкаруунун натыйжалуулугуна байланыштуу маселени карап жатат. Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, мындай ишканалар былтыр жалпысынан 11,097 миллиард сом киреше тапкан. Анын басымдуу бөлүгүн "Манас" эл аралык аэропорту (4 млрд), "Кыргызалтын" (2,7 млрд), "Кыргызнефтегаз" (2 млрд) жана "Альфателеком" (1,5 млрд) берген.

Былтыр май айында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.

"Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”,-деген Жапаров.

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG