Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Анкаранын Жогорку соту Инандыны камакта калтырганы кабарланды


Бишкекте Орхан Инандынын табылышын талап кылгандардын митинги. Бишкек, 16-июнь, 2021-жыл.
Бишкекте Орхан Инандынын табылышын талап кылгандардын митинги. Бишкек, 16-июнь, 2021-жыл.

14-апрелде Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү.

Бул тууралуу "Хүрийет" басылмасы билдирди.

Сотто оболу Түркиянын атайын кызматынын операциясы менен 15-февралда Өзбекстандан Түркияга алып келинген Гүрбүз Севилай көрсөтмө берди.

Ал сотто Орхан Инанды менен 2014-жылы Бишкекте таанышканын жана ал жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу уюштурууга жардам бергенин айткан.

Түркиялык басылма соттук отурумда дагы эки жаран Инандыга каршы көрсөтмө бергенин кабарлады.

Гүлендин "Хизмет" деп аталган кыймылынын Борбор Азиядагы эң таасирдүү мүчөсү катары шек саналган Гүрбүз Севилай 2021-жылы 19-октябрда соттун көзөмөлүндө бошотулган, бирок ага ачылган кылмыш иши токтой элек.

Ага прокурор "Ирак жана Сириядагы террордук уюмдарды ок-дары, ракета, учуучу аппараттар жана радар системалары менен камсыз кылууга катышкан" деген айып таккан. Муну менен катар, түрк бийлиги Севилайды Борбор Азиядагы террордук уюмдун эң жооптуу кишилеринин бири катары финансылык каржылоону жүргүзгөн деп айыптоодо.

Орхан Инанды соттогу көрсөтмөсүндө колу операцияга муктаж экенин, соттун көзөмөлү менен бошотууну дагы бир жолу өтүнгөн. Бирок сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып, отурумду кийинкиге жылдырды.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Ага "Куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, айыптоочу 22 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Инандынын Түркиядагы жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаздын айтымында, анын колун Бишкектен уурдап бараткан учурда сындырышкан. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Айыптоочу аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG