Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Армения алгачкылардан болуп орус газын рубль менен ала баштады


Армениядагы газ станциясы.
Армениядагы газ станциясы.

Армения орус газын рубль менен сатып ала баштаганын өлкөнүн экономика министри Ваган Керобян билдирди. Орусиянын РБК агенттигине курган маегинде ал: "Мен билгенден акыркы төлөмдөр рубль менен төлөндү",-деди.

Бул маалыматты "Газрпромдун" өкүлү Сергей Куприянов да ырастады. Келишимге ылайык, Армения Орусиядан көгүлтүр оттун миң куб метрин 165 доллардан алат.

Орусиянын Украинага согуш ачканына байланыштуу Батыш Москвага болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизген. Мындан улам марттын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин "кас мамлекеттерге" газды рубль менен гана сатуу буйругуна кол койгон. Батыш мамлекеттери ал үчүн "Газпромбанкта" эсеп ачууга тийиш эле.

Кремлдин мындай чечиминен кийин Балтика боюндагы мамлекеттер-Латвия, Литва жана Эстония Орусиядан газ алуудан баш тартышкан.

Орусия Европанын 40% газ менен камсыздайт. Алардын ичинен Германия орустардын көгүлтүр отуна көбүрөөк көз каранды. Ал газдын 50% Москвадан алат. (EzK)

XS
SM
MD
LG