Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

"Камбар-Ата-1" ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу боюнча негизи маселелер тактала элек


"Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт
"Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт

"Камбар-Ата-1" ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала элек. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 15-апрелдеги жыйынында айтты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев "ГЭСти кошуна өлкө менен биргелешип курууда коопсуздукка коркунуч болуп, келечекте суу тартыштыгы жаралбайбы?"-деп суроо берди.

Айталиев бул долбоордун негизинде эки өлкөнүн жумушчу топтору иштеп жатканын, аны ишке ашыруу боюнча пландар тактала электигин айтты.

“Кимдин үлүшү канчалык болот дегендей маселелер карала элек. Бирок биз кошуна болгондуктан сууну ансыз да Өзбекстан, Казакстан менен чогуу пайдаланабыз. Бир мейкиндикте болгондон кийин кызматташабыз."

14-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долборун ишке ашыруу маселеси да талкууланган.

Өткөн айдын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы жакында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталарын, анын биринчи баскычы үчүн 498 млн. доллар каралганын билдирген.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу келишимге кол койгон. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстандагы мамлекеттик сапарында Камбар-Ата-1ди коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген. Буга чейин анын экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылай турганы кабарланган. (JsA)

XS
SM
MD
LG