Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта "мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен көп пайдага жетүү болуп саналат. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган", деп жазылган.
Ошондой эле "мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50% ашыгы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам менен жөнгө салынбай турганы белгиленген", деп көрсөтүлгөн.
Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алган. Анда айрым депутаттар буга каршы чыгып, мамлекеттик компаниялар урук-туугандарынан сатып алууну жүргүзө баштайт, коррупция күчөйт деп сындап чыгышкан.
Буга чейин Финансы министрлиги мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 28 миллиард сомго кыскарарын билдирген.
2021-жылдын сегиз айында мамлекеттик мекеме, компаниялар 73,9 миллиард сомго сатып алууларды жүргүзгөн.