Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Бишкекте жасалма диплом даярдоо менен алектенгендер аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек милициясы шаардагы кеңселердин биринде жогорку жана орто билим тууралуу жасалма диплом даярдаган эки адам аныкталганын билдирди. Тинтүүнүн жүрүшүндө орто кесиптик билим тууралуу 47 жасалма диплом табылган. Ошондой эле 40ка чукул ар кандай мамлекеттик мекеме-органдардын, жеке ишканалардын, нотариустардын мөөрү болгон. Ошондой эле компьютердик техникалар алынган.

Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду, сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап үй камагына чыгарды.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ушул жылдын январь айынын аягында мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун текшере баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын билдирген.

Атайын кызмат Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому жасалма экени тууралуу БШКга материалдарды берген. Анда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен "Альянстын" депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы айтылган. Бул депутаттар коюлган айыпты четке каккан.

УКМК жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек санагандардын катарына министр, президенттин облустагы өкүлү, эки мэр баштаган адамдар кошулган. Андан сырткары тизмеде парламенттин эки экс-депутаты, тогуз депутаттыкка талапкер бар.

БШК жыл башында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде аны мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG