Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Иерусалимдеги кагылышууда 152 палестиналык жабыркады


Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинин жанында болгон палестиндер менен Израиль полициясынын кагылышуусу. 21-май, 2021-жыл.
Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинин жанында болгон палестиндер менен Израиль полициясынын кагылышуусу. 21-май, 2021-жыл.

Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде израил полициясы менен кагылышууда 152 палестиналык жабыркады. Бул тууралуу Палестинадагы Кызыл Жарым Ай коому билдирди.

Жөөттөр жана мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген жай бир нече жолу израил-палестин кагылышуусунун борборуна айланган.

Израил полициясы билдиргендей, жүздөгөн палестиндер таңкы намаздан кийин жөөттөрдүн сыйынуучу жайын көздөй таш ыргытышкан.

Билдирүүдө "полиция Аль-Аксанын аймагына жаалданган топту таратып, башка зыяратчыларды коопсуз чыгарып кетүү максатында" киргени, кагылышууда үч офицер жарадар болгону жазылган.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги "окуя жана анын кесепеттери үчүн толук жоопкерчиликти" Израилге жүктөдү.

Быйыл чыңалуу мусулмандардын Орозо айы менен жөөттөрдүн Пасха майрамынын бир маалга туш келишине байланыштуу курчуп кетти.

Март айынан бери израил күчтөрү Батыш жээкте атайын рейд жүргүзүү маалында 29 палестинди жок кылышты. Ошол эле маалда палестиндер Израилдин 14 жаранынын өлтүрүп кетишти.

Чыгыш Иерусалимде жайгашкан "Аль-Акса" мечитинин айлана-тегереги 1967-жылкы согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Палестиналыктар бул аймакты болочок мамлекетинин бир бөлүгү катары санашат. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG