Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Пакистанда согушкерлердин кол салуусунан жети аскер курман болду


Пакистандагы уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагындагы аскерлер.
Пакистандагы уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагындагы аскерлер.

Пакистандагы уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагында болгон согушкерлердин чабуулунан жети аскер курман боду. Бул тууралуу аймактагы жогорку даражалуу аткаминерлердин бири «Азаттык» радиосунун пакистан кызматына билдирди.

Азырынча бир да топ 14-апрелде болгон кол салуу үчүн жоопкерчилик ала элек.

Бул аймак негизинен пакистандык талибдер же тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобунун уюгу катары саналат.

13-апрелде Шаам менен Мирали Хади райондорундагы эки башка кол салуудан эки аскер курман болгон.

Соңку кол салуудан бир нече саат мурда аскерлердин өкүлү "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөй турганын билдирген.

Мурдараак Ооганстанда жашырынып жүргөн уруу аксакалдары Пакистан бийлиги менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Расмий Исламабад 2014-жылы талибдерге каршы ири операция жүргүзүп, аймактагы согушкерлерди Ооганстанды көздөй сүрөп чыкканын билдиришкен. Анткен менен, жергиликтүүлөр талибдер аймакка кайтып, чабуулдарын күчөтүп жатканын айтышууда. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG