Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Статком: үч айда Ички дүң өнүм 4,5% жогорулады


Бишкектеги базарлардын бири.
Бишкектеги базарлардын бири.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, быйыл январь-март айларында Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,5% жогорулап, 146 млрд. сомго жакындады.

“Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда, ИДӨнүн көлөмү 138 млрд. сомго чамалап, 2021-жылдын алгачкы үч айына караганда 3,8% көбөйдү.

Статком Ички дүң өнүмдүн жогорулашы негизинен товардык өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарынан улам болгонун билдирди. ИДӨнүн эң чоң үлүшү тейлөө секторуна туура келип, - 46,3% түздү.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Өлкөнүн 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд. сом, чыгаша 291,2 млрд. сом. Быйыл бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд. сомду же ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 0,8%ды түзөт.

Жакында эле Дүйнөлүк банктын жаңыланган баяндамасы жарыяланды. Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга төмөндөп, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG