Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Бернс: Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучуна жеңил ойлуу мамиле кылбаш керек


АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Уильям Бернс.
АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Уильям Бернс.

Американын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Уильям Бернс Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучуна жеңил ойлуу мамиле кылбаш керектигин эскертти.

Бернс 14-апрелде Жоржиянын Технологиялык университетинде студенттер менен жолугушуу маалында:

"Путиндин жана орус жетекчилигинин ызасын, алардын аскердик жааттагы жеңилүүлөрүн эске алганда, эч кимибиз тактикалык өзөктүк курал же кубаттуулугу аз өзөктүк курал колдонуу коркунучун көңүл сыртында калтырбашыбыз керек",-деди.

Анткен менен, чалгын кызматында азырынча бул тынчсызданууну ырастай турган далилдер жок.

Орусия Украинага 24-февралда согуш ачкандан кийин Кремл өзөктүк күчтөрү жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин билдирген.

Бернс Бучадага орус аскерлеринин жасаган иштерин "акылга сыйгыс кылмыш" деп атап, согуштун кийинки баскычы кандуу болорун эскертти.

15-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиз флотунун "Москва" крейсери чөгүп кеткенин ырастады. Анда крейсерди белгиленген портко алып келе жатканда өрттөн олуттуу жабыркагандыктан катуу толкунга туруштук бере албай чөгүп кеткени айтылат. Жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бериле элек.

Украинанын айрым аткаминерлери "Москва" кемесине ракетадан сокку урганын билдиришкен. Расмий Киев бул маалыматты ырастаган комментарий бере элек. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG