Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Казакстан аркылуу Талас-Бишкек автобус каттамы жанданды


Талас шаары.
Талас шаары.

Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу Талас-Бишкек-Талас автобус каттамы жанданганын президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамды жандантууну президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен Казакстандын Жамбыл облусунун акими Нуржан Нуржигитов жолуккан учурда макулдашкан.

Бул каттам пандемияга байланыштуу 2020-жылы 16-мартта токтотулган.

2021-жылы 21-апрелде расмий Нур-Султан кыргызстандык жарандарга Бишкек шаарынан Таласка Жамбыл аркылуу каттоого уруксат берген.

Быйыл 11-апрелде Казакстан чек арадагы жүргүнчүлөргө чектөө алынганын, бирок коронавируска байланыштуу ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынарын жарыялаган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG