Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Казакстан орусиялык теле алып баруучуну чагымчыл сөздөрү үчүн сындады


Тигран Кеосаян. Архивдик сүрөт
Тигран Кеосаян. Архивдик сүрөт

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаяндын Казакстан тууралуу айткандарын «акаарат келтирүүчү жана объективдүү эмес” деп атады.

ТИМ ага казак жергесине кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров “ал билдирүү балким Орусиянын саясий истеблишменти жана коомунун бир бөлүгүнүн пикирин чагылдырат, бирок эки өлкөнүн кызматташтыгынын жана мамлекет башчылардын деңгээлинде кабыл алынган келишимдерге төп келбейт” деп белгиледи.

24-апрелде Кеосаяндын Ютубдагы каналында ал казакстандыктар жөнүндө терс нерселерди айткан видео тараган. “Украинаны жакшылап карасаңар, жакшылап ойлонгула” деген сөздөрүн көбү түздөн-түз опуза катары кабыл алышты.

Алып баруучу казак элин “жакшылыкты билбеген” кишилер деп атаган жана орус жетекчилерин ал өлкө менен мамилени кайра карап чыгууга үндөгөн.

Казакстандын Коргоо министрлиги бир нече жума мурун быйыл 7-9-майда Мекенди коргоо күнүнө жана Жеңиш майрамына арналган аскердик параддар өткөрүлбөйт деп чечкен. Чечимди бюджеттеги каражатты үнөмдөө менен түшүндүрүшкөн.

Режиссер, продюсер жана алып баруучу Кеосаян Russia Today маалымат агенттигинин жетекчиси Маргарита Симоньяндын күйөөсү. Ал дагы Казакстанды сындаган бир нече билдирүү жарыялаган. Экөө тең Кремлдин негизги пропагандачылары катары Батыштын санкциялар тизмесине киргизилген.

Казакстан Орусиянын Украинадагы согушун колдогон эмес, бирок айыптаган билдирүү да жасаган жок. Нур-Султан бейтарап позицияны карманат. Ошол эле маалда президенттик администрациядагы расмий адамдардын бири Тимур Сулейменов Казакстан Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербейт деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG