Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Таласта айдоочуга кол көтөргөн инспектор иштен алынды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Талас облусунун Манас районундагы Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын инспектору мекеменин ички иликтөөсүнүн жыйынтыгында кызматтык эрежени бузгандыгы үчүн иштен айдалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

26-апрелде социалдык тармактарда жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун инспектор бир нече жолу башка ургулап жатканы тартылган видео тараган. Алардын чырына эмне себеп болгону белгисиз.

Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспекторлор менен айдоочулардын чыры көп катталат.

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова жана ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан видеосу интернетке тараган патрулдук милициянын кызматкери жумуштан алынды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG